Ирандын Израилге чабуулу: эмне болуп жатат?

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыскача чоо-жайы:

  • Иран жекшембиге караган түнү Израилдин аймагындагы буталарына ондогон дрон жана канаттуу ракеталарын коё бергенин жарыялады
  • Израилдин армиясы толук кандуу согуштук абалга даярдалды
  • Жакынкы Чыгыштын көп өлкөлөрү аба мейкиндигин жапты
  • АКШ перезиденти Жо Байден улуттук коопсуздук боюнча командасы менен жолукту
  • Материал улам жаңыланып, толукталууда
Иран Израил конфликти курчуду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ирандын Израилге чабуулу: Бүгүнкү таңдагы эң негизгилери

Anadolu Agency

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Жекшембинин кечинде израилдин аскер кабинетинин бир нече саатка созулган жыйыны аяктады. Жергиликтүү жана батыш маалымат каражаттарынын булактары билдиргендей, Израил Ирандын чабуулдарына кандай жооп кайтара турганы боюнча соңку чечим кабыл алынган жок.

CNN жазгандай, израил бийлиги жооп кайтаруу ниетинде турат, бирок кайсы убакта, кандай масштабда, кандай жооп кайтара турганын тактай элек. Телекомпаниянын жашыруун маектешинин айткандарына караганда, жооп кайтаруунун кошумча варианттарын ойлонуштуруу тапшырмасы берилди.

CNN телекомпаниясынын аналитиги Барак Равиддин сөзүнө караганда, израилдик министрлер Бени Ганц жана Гади Айзенкот тез арада жооп кайтарууну жакташкан. Бирок премьер-министр Бенямин Нетахяхунун АКШ президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин дүйшөмбүгө чейин жооп кайтарбай туруу чечими кабыл алынды.

Times of Israel басылмасы аскер кабинетинин жыйыны үч саатка созулганын кабарлады. Израилдик 12-каналдын маалыматына караганда, аскер кабинети жакын арада кайрадан жыйынга чогулат.

Америкалык расимйлердин билдиргенине караганда, Жо Байден Нетаняхуну Иранга жооп боюнча ийне-жибине чейин ойлонуштурууга чакырган. Ошондой эле Ак үй Израилдин Ирнага карата жообуна кошулбай турганын Вашингтондогу чиновниктер билдирген.

Ак үйдүн Улууттук коопсуздук боюнча кеңешинин өкүлү Жон Кирби америкалык телеканалдардагы бир катар билдирүүлөрүндө, АКШ конфликттин ырбашынан оолак боло тургандыгын Израилге так түшүндүрдү. Администрациянын өкүлдөрү ушундай эле мазмундагы билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу Иранга да жеткирилгенин билдирди.

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

БУУнун Башкатчысы: Чөлкөм дагы, дүйнө дагы дагы бир согушту көтөрө албайт

БУУнун Башкатчысы Антонио Гуттериш

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БУУнун Башкатчысы Антонио Гуттериш

БУУнун Башкатчысы Антонио Гуттериш "бүтүндөй чөлкөмгө жайылып кетиши ыктымал болгон кыйратуучу коркунучка терең кабатыр".

"Мен Иран Ислам Республикасынын бүгүн кечинде Израилге толук масштабдуу кол салуусун, олуттуу эскалацияны чечкиндүү айыптайм. Мен тез арада бул согуштук аракеттерди токтотууга чакырам",- деди өз билдирүүсүндө Гуттериш.

  • "Мен Жакынкы Чыгыштагы бир нече фронтто ири аскердик конфрантацияга алып келе турган баардык аракеттерден оолак болуп, мүмкүн болушунча сабырдуу болууга чакырам"
  • "Мен дүйнө жана чөлкөм дагы бир согушту көтөрө албай тургандыгын баса белгилейм"

Ирандын Израилге кол салуусу — "кызыл сызыкты" кесип өтүү

Жереми Боуэн, Би-Би-Синин эл аралык талдоочусу

Эми көп нерсе Израил кандай кадамга бара турганынан көз каранды. Түнү менен абдан чоң жардам берген союздаштары азыр израилдиктерге көптөгөн белгилерди берип жатышат.

Америкалыктар Израилдин коопсуздугу үчүн "ыдырагыс" колдоо тууралуу айтып жатат жана аны менен АКШ анын тарапташы болуп турганын түшүндүрүүдө. Аба чабуулдарынын мизин майтарууга израилдин өзүнүн абдан олуттуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошентсе дагы Иордания жана британиялыктар дагы бул ишке катышты. Иш жүзүндө изралдин коргонуусун жарып өтө албаганын билүү Иранга абдан жагымсыз болуп жатат деп ойлойм.

Ошондуктан эми Израил жооп кайтарабы жана анын ирандын аймагына тиешеси болобу деген башкы суроо кабыргасынан турат. Жагдайдын мындай өңүттө өнүгүшү мындан аркы эскалацияны түшүндүрөт.

Мен батыштын жогорку даражалуу дипломаты менен сүйлөштүм. Ал өткөн түн оор болгонун, бирок эми ушул окуялардын негизинде жыйынтык чыгара турган учур келгенин айтып берди.

Батыш израилдиктерди ирандын аймагына сокку урбоого үндөп жатат. АКШ президенти Жо Байден дипломатиялык жооп кайтарууга чакырды жана ал жагдайдын кандайдыр бир аскердик өңүттө уланышы тууралуу айткан жок.

Ирандыктар укмуштуудай бир нерсе кылып жибере тургандыктарын так, даана эле айтышкан. Мындан улам Израил, АКШ, Британия жана башка мамлекеттер дээрлик толук кандуу даяр болушкан. Иран тараптан бул кадам жакшы эсеп-чоттолгон жана израилдин батыштагы союздаштары бул эпизод ушуну менен аяктады деп үмүт кылышууда.

Иран изралди кармап турат деген түшүнүктү калыбына келтирүү Иран үчүн абдан маанилүү болгон. Ирандын Жакынкы Чыгыштагы союздаштары так ушул желе аркылуу түзүлгөн.

Израил 1-апрелде дипломатиялык обьекттер боюнча чабуул коюуга жөндөмдүү болгону айдан ачык жана анын эч кандай кесепети болбойт деп үмүттөнүп, бул аркылуу ишенимге доо кетирген. Тегеран болсо аны калыбына келтирүүгө аракет кылууда.

Бирок америкалыктар мурдагыдай эле Жакынкы Чыгышта кырдаалдын курчушунан качууга аракеттенүүдө.

А ирандын израилдин аймагына түздөн-түз кол салуусу "кызыл чекти" биринчи жолу кесип өтүүсү болду.

Израилдеги оңчул саясий тараптагылар азыртан эле жооп кайтарууга чакырууда. Ошондон улам эпизод чындап эле аяктады деп айтканга эч кандай ишиеним болбой турат. Эгер мунун алдын албаса кырдаал абдан коркунучтуу болушу мүмкүн.

CNN: АКШ Иранга ыктымалдуу кол салууга катышпайт

Ирандын изарилдин аймагына урулган аба соккуларынан кийин Израиль кандай жооп кайтарат деп эксперттер алдын ала айтууга аракет кылып жатышат.

CNN телекомпаниясынын АКШ президентинин администрациясынын маалыматына шилтеме берип, кабарлаганы боюнча, Жо Байден израил премьер-министри Бенямин Нетаняхуга Иранга жооп иретиндеги кол салууга Вашингтон катышпай турганын билдирген.

Ошол эле учурда аты аталбаган израилдик чиновник New York Times гезитине, Израил жооп иретиндеги аракеттерин "союздаштары менен бирге координациялайт" деп айтты.

Мурдараак Байден АКШ Израилге жардам берип, Иран түнү менен коё берген "дээрлик бардык" 300 учкучсуз учакты жана ракеталарды атып түшүрүүгө көмөктөшкөнүн билдирген.

Иранда Израилге карата соккуну кубаттагандар көчөгө чыкты

EPA

Сүрөттүн булагы, EPA

Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters

Тегеранда Израилге карата чабуулду кубаттап жүздөгөн киши көчөгө чыкты. Көптөр ирандын жана палестинанын желектерин булгалап, жарык, түтүн чыгарган каражаттарды көтөрүп чыкты.

Иран эгерде Израил бүгүнкү чабуулдарга курал менен жооп кайтарса кайрадан жаңы чабуулдарды баштай турганын билдирди. Иран өзүнүн бул чабуулдарын жүйөөлүү көрсөтүү үчүн БУУнун Жобосунун 51-беренесин чечмеледи.

Ал беренеде, "куралдуу кол салуу болгон учурда уюмга мүчө мамлекеттер жекече жана жамааттык коопсуздугун коргоонуусу алардын ажыратылгыс укугу" деп каралган.

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн билдирүүсүндө "маселе жайгарылды" деп эсептөөгө болот деп айтылган. Бул билдирүү Иран кийинки чабуулдарга барбайт деп жоромолдоого негиз берет.

"Бирок израилдик режим дагы бир ката кетирсе, Иран ага алда канча катаал жооп кайтарат",- деп көрсөтүлгөн билдирүүдө.

Ошол эле учурда ирандык дипломаттар бул жаңжал Иран менен Израилдин конфликти экенин, АКШ эч кандай кийлигишүүгө киришпеши керектигин эскерткен.

Иерусалимде жарылуунун үндөрү угулууда

Иерусалимдин түнкү асманы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иерусалимдин түнкү асманы

Хьюго Бачега, Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыш боюнча кабарчысы

Иерусалимде жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:45де сирена иштей баштады.

Аба чабуулдарынан коргоо системасы иштеп, шаардын үстүнөн чабуулдарды жок кыла баштагандан тарта катуу жарылуулардын үнү угулуп турат.

Туткундап алчу ракеталардын жарыктары түнкү асманды жарыкка бөлөдү.

Ирандын ракеталары кайсы аймакка чейин жетет?

BBC

Иран: ракеталар Израилге жетти

Ислам революциясынын сакчылары корпусу өзүнүн телеграм-каналында ракеталар Израилдин аймагына жеткендигин ырастады. Деатлдуу маалымат берилген жок.

Би-Би-Си бул маалыматты текшере алган жок.

Израил тараптан мындай малыматты тастыктаган кабар түшө элек.

Израилдин "темир калкан" деген коргонуусу кантип иштейт?