Бишимбаевдин иши: соттогу түз эфир сот системасына кандай таасир берет?

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Куандык Бишимбаев, Салтанат Нукенова

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Куандык Бишимбаев, Салтанат Нукенова

Казакстандын Жогорку соту мурунку министр Куандык Бишимбаевдин сот ишин түз эфирде баштан аяк көрсөтүп, түз берип жатат. Бишимбаев аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталууда.

Түз эфирде күндөп созулган соттук отурум улам бир жагдайды ачыктап, сот адилеттиги, соттор менен жактоочулардын кесипкөйлүгү сыяктуу өтө маанилүү маселелерди козгоп турган чагы. 11-апрель күнкү отурумда Бишимбаевдин алыскы туугандарынын бири, оор кылмышты жашырууга аракет кылган, кабар бербеген деп айыпталып жаткан Бакытжан Байжанов жооп берди.

Буга чейинки отурумдарда эле "Бишимбаев өтө кесипкөй адвокаттарды жалдаптыр, кутулуп же жазасын мүмкүн болушунча жеңилдетип алууга жан үрөп жатат" деген сыяктуу нааразы пикирлер айтылып келе жаткан. Соңку олтурум иштин жүрүшүн такыр башка нукка бура турган өңдөнүп калды. Себеби Бишимбаев менен кошо айыпталып жаткан алыс тууганы Байжанов Бишимбаевге каршы келе турган, анын ишин оорлото турган көрсөтмөлөрдү бере баштады деп жатышат.

Соттун жүрүшүндө Байжанов Бишимбаев аялын мурда дагы токмоктоп келгенин, денесиндеги көгалаларды көргөнүн, Бишимбаевдин кыялы чатак, жини чукул экенин, Салтанат Нукенова ресторанда токмоктолуп, каза тапкан күнү окуя болгон жерге эрте келип, бир топ нерсеге күбө болгонун, жөлөп-таяп бара жаткан учурда Салтанат анын колун катуу кармаганын, бир топ белгилер, дем алуусу оор экенин байкаганын, ошого карабай окуяга олуттуу маани бербей койгонуна өкүнөөрүн айтты.

Ал тургай ал Бишимбаев сотто кандай көрсөтмө берүү керектигин айтып, андай болбосо каргай турганын билдиргенин айтып чыкты.

Ошентип бул сот иши Казакстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө дагы абдан бүйүр кызыткан иш болуп турат. Жергиликтүү айрым укук коргоочулар бул иш прецедент болуп калганын, бул иштен соң башкалар дагы сот адилеттиги үчүн соттук отурумдарды ачык көрсөтүүнү талап кыла баштаарын, сот системасы реформага муктаж экенин ачык көрсөтөт деп жатат.

Бул соттук ишке байкоо салган кыргызстандыктар да жок эмес.

Би-Би-Си Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова менен ушул темада маектешти.

Бакытжан Байжанов

Сүрөттүн булагы, Казакстандын Жогорку Соту

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бакытжан Байжанов

Би-Би-Си: Кыргызстанда кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук маал-маалы менен катталып турат. Алардын ишин дагы казакстандык мурдагы министр Бишимбаевдин ишиндей ачык караса кандай болмок деп ойлойсуз?

Клара Сооронкулова: Бишимбаевдин сотундай кылып жалаң эле зомбулукка байланышкан иштерди эмес, жалпысынан эле оор кылмыштар боюнча каралыш керек.

Сот арачылары жөнүндө мыйзам 2009-жылы кабыл алынган. Андан бери бир топ убакыт өтүп кетти. 2013-жылы кабыл алынганда, 2014-жылы бүт Кыргызстан боюнча киргизебиз, иштей баштайт деген. Бирок тилекке каршы бул болбой калды.

Бул иш кийин 2020-жылга жылды. Анан кайра 2025-жылга жылып кетти. 2025-жылдын 1-январынан баштап мыйзам иштей башташ керек. Бирок ар кандай себептер менен дагы беш жылга жылып кетиши мүмкүн. Сот арачыларын жактыргандар дагы, аларга каршы чыккандар дагы бар. Көбүнчө сот системасынын өзүндө сот арачыларына каршы чыккан судьялар көп.

Менин оюмча, бул дагы мыйзамдын иштебей жатканына бир себеп болуп жатат. Анткени эски системага көнүп калышкан. Сот арачыларынын катышуусунда иш каралып жатканда сөзсүз түрдө айкындык камсыз болот. Өзүңөр байкагандай, Бишимбаевдин ишин бүт дүйнө жүзү карап, аябай кызыгуу чоң болуп жатат.

Канчалык ачык-айкын болсо, сот ошончолук адилеттүү болот. Анткени бүт ачык болуп жатканда соттор мыйзам бузууга бара албай калат. Мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптин баарын сактап, сотту адилеттүү алып барганга аракет кылат. Сот арачылары өзүнүнүн бүтүмүн чыгарат “вердикт” деп коёт, күнөлүү же күнөөсүз деген вердикти кабыл алышат. Сот жазасын дайындайт.

Бул жерде сот арачыларынын бир артыкчылыгы - ушундай процессте атаандаштык жана тең укуктуулук сакталат. Анткени эки тарап тең сот арачыларына таасир этиш керек. Ошол себептен эки тарап тең ошого аракет кылат. Ар кимиси өзүнүн чындыгын далилдегенге аракет кылат. Эгерде сот арачылары Кыргызстанда өнүгүп кете турган болсо, адвокаттар институту дагы аябай жакшы өнүгөт эле.

Анткени азыркы учурда сот дайыма прокурор тарапты, айыптоо тарапты колдоп турат. Көп учурда соттун чечими кандай болору алдын-ала белгилүү болуп калат да адвокаттар эч кандай аракет кылбайт. Көп учурда формалдуу эле катышып коёт. Анткени соттун аларга болгон жана айыпкерге болгон мамилесин түшүнүп турушат да. Ошол себептен азыркы күндө адвокат институту дагы Кыргызстанда алсыз.

Би-Би-Си: Казакстанда бул соттук ишти түз эфирде көрсөтүү алардын сот системасына кандайдыр бир таасир бериши мүмкүнбү?

Клара Сооронкулова: Мындай соттук отурум Казакстанда мындан ары өнүгүп кетиши мүмкүн. Казакстанда сот реформасына абдан чоң көңүл бөлүнө баштады. Өзгөчө сот залын заманбап жабдыктар менен камсыз кылып берүү менен. Бул жагынан аябай жакшы өнүгүп жатышат.

Бара-бара соттор дагы, адвокаттар дагы тажрыйба жыйнаса, айыпталып жаткан адамдар сот арачыларына кайрылуусу мүмкүн. Казакстанда өнүгө баштады. Булар деле кооптонуп, коркуп жатып башташты өзүбүз деле көрүп жатабыз. Кемчиликтер деле болуп жатат, өзгөчө коомчулук тарабынан судьяга басым болуп жатат.

Ютубда ар түрдүү комментарийлер жазылып, соттун жекелигине чейин өтүп кетип жатат. Бул коом тарабынан болуп жаткан басым. Соттор ошол нерсеге дагы даяр болуш керек. Эгерде сот арачылары иштей турган болсо, сөзсүз түрдө ушундай түз эфирде көрсөтүлө турган болсо, анда катышуучуларына чоң басым болот. Буга дагы даяр болуш керек.

Эң негизгиси - ар кандай шылтоолорду ойлоп таппай, Кыргызстанга дагы ушул институтту киргизиш керек. Баштап көрүш керек. Шылтоо толтура эң негизги шылтоо - сотто сот арачылар менен өткөрө турган мүмкүнчүлүк жок деп жатышат.

Ал үчүн мыйзамга ылайык, сот арачылар үчүн отура турган жер болуш керек. Биздеги соттордун кабинеттери тар, сот арачылар түгүл катышып жаткандар батпай калган мисалдар бар. Ал үчүн имараттарды карап чыгыш керек. Муну негизги шылтоо кылып жатышат, бирок менин оюмча бул чечиле турган эле маселе. Соттордун көбүнө жаңы имараттарды берип жатат. Ошол жерде бөлмөлөрдүн баарын бириктирип койсо, чоң залдан эки-үчөө болсо, сот арачылары катышса болот.

Би-Би-Си: Аялдарга карата мыкаачылык, зомбулукту токтотуу үчүн ушундай ыкма жардам бермек дегендер да бар. Сиз кандай ойлойсуз?

Клара Сооронкулова: Сот арачылары болсо эле, зомбулук маселеси чечилип калат дегенден мен алысмын. Анткени, зомбулук маселесинде эң негизги чече турган адамдар бул аялдар өздөрү.

Өзүңөр билесиңер, аялдар көп учурда зомбулукка чыдап жүрө берет. Материалдык жактан көз карандылык дагы бар. Күйөөсү соттолуп кесилип кете турган болсо, мени ким багат, балдарымды ким багат деген ойлор менен жүрөт.

Зомбулукту азайтабыз дей турган болсок, кыздарга болгон тарбияга, өзгөчө кыздардын билимине, кыздарды жакшы иш менен камсыз кылганга аракет кылышыбыз керек. Аял киши канчалык көз карандысыз болуп, өз оокатын өзү алып кете турган болсо, ошондо гана зомбулукка карама-каршы тура алат.

Биз, тескерисинче кыздарды басынтып, үйдө эле отурсун, үй жумушун эле кылсын деп тыйып жатабыз. Экономикалык жактан аял канча алсыз болсо, ошончолук эркек өзүнүн күчүн пайдаланат.

Бирок, бизде деле абдан резонанстуу иштер болду. Алардын бири Ашыралиевдин кылмыш иши. Ал өмүр бою кесилип кетти. Бирок, ошондо дагы ачык түз эфир болсо, мүмкүн бул сөзсүз түрдө кандайдыр бир тарбиялык таасирин тийгизмек.

Сот арачыларын аралаштыруу боюнча айыпталып жаткан адам өзү сураныш керек. Аны жабыркаган адам суранбайт. Мындай учурда кылмышкерлер андай ачыктыктан, акыйкаттыктан качканга аракет кылат.