"Сорос фонду" Кыргызстанда ишин токтотту. "Чет элдик өкүл" мыйзамынын таасириби?

Фонд өткөргөн иш-чаралардын биринде тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фонд өткөргөн иш-чаралардын биринде тартылган сүрөт

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жорж Сорос негиздеген “Ачык коом” фонду Кыргызстанда ишмердигин токтотуп жатат. Фонддун Нью-Йорк шаарындагы баш кеңсеси тараткан маалыматка караганда, мындай чечимге Кыргызстанда кабыл алынган чет өлкөдөн каржыланган жергиликтүү уюмдардын ишине катуу жана ашыкча чектөөлөрдү койгон жаңы мыйзам түрткү болду.

Фонддун билдирүүсүндө “Сорос-Кыргызстан” фонду чет өлкөдөн каржыланган жергиликтүү коммерциялык эмес уюм катары сөзсүз түрдө жаңы мыйзамдык чектөөлөргө дуушар болот деп айтылат.

““Сорос-Кыргызстан” фонду жана анын кызматкерлери Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча карапайым калкка өлкөнүн демократияга жана ачык коомго умтулуусуна олуттуу колдоо көрсөтө алды. Уюмдун ишмердүүлүгүн мындан ары уланта албай турганына, жаңы репрессиялык мыйзам жарандык коомду белгисиздик жана коркуу шартында иштешине алып келе турганына терең өкүнүп турабыз”,- деди “Ачык коом” фонддорунун президенти Бинайфер Новроджи.

Соростун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нуриана Картанбаева дагы тынчсыздануусун билдирип, фонддун отуз жыл аралыгында аткарган иштерине саресеп салып өттү.

Картанбаеванын айтымында, “Ачык коом” фонду Кыргызстан жаңыдан көз карандысыздыкка ээ болуп, социалдык-экономикалык кризисти башынан кечирип турган маалда, 1993-жылы негизделген.

Бул убакыт аралыгында фонд кыргыз өкмөтү жана жарандык коом менен тыгыз иштешип, өлкө боюнча долбоорлорду колдоо үчүн 115 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

Бул долбоорлор билим берүү, коомдук саламаттыкты сактоо, жаңы санарип технологияларын өнүктүрүү, юридикалык жардам көрсөтүү системасын реформалоо жана башка көптөгөн тармактар боюнча демилгелерди колдогон.

“Фонддун колдоосу менен мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга, жабдууларды сатып алууга, кыргыз жана өзбек тилдерине окуу китептерин которууга жана басып чыгарууга олуттуу инвестиция тартылды. 1997-жылдан бери 400дөн ашык билим берүү, илимий, медициналык жана медиа мекемелерин интернет менен камсыздоо үчүн оптикалык була кабелдерин тартууга жана жабдууларды орнотууга каражат бөлдү. Мындан тышкары, фонд мектептерге, бейөкмөт уюмдарга, китепканаларга жана ЖОЖдорго компьютерлерди жана жабдууларды берип, аларды бекер интернет менен камсыздады. Википедиянын кыргыз тилдүү версиясын кеңейтүү жана Google менен өнөктөштүк аркылуу кыргызча котормолордун сапатын жакшыртуу боюнча жарандык коомдун долбоорлоруна негизги донор болуп келди. Кыргызстанда ачык коомду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн сот системасын реформалоо боюнча өкмөттүн аракеттерине колдоо көрсөттү”,- деди ал.

Саламаттык сактоо тармагындагы ишмердиги тууралуу

Бермет Барыктабасова

Сүрөттүн булагы, Фейсбук

Медицина илимдеринин кандидаты Бермет Барыктабасова фонд Кыргызстандагы ишмердигин токтотуп жатканын өтө кайгыруу менен кабыл алганын жашырган жок.

Анын саламаттык сактоо тармагындагы ишмердиги отуз жыл мурун ординатураны окуп жүргөндө дал ушул “Сорос-Кыргызстан” фондунда башталган экен.

Анда жаш адис катары эне жана баланын өлүмүнө байланыштуу фонддун иш-чарасына катышканын айтып, ошондон тартып медициналык темаларга байланыштуу олуттуу иштер жасалганын баса белгиледи.

“Фонддун колдоосунда Саламаттык сактоо тармагына байланыштуу кандай гана долбоорлор каржыланып ишке ашкан жок. Былтыр фонддун отуз жылдыгы белгиленип жатканда аларды тизмектеп чыгуу үчүн эки саат кетти. Канчалаган жаш дарыгерлер билим-деңгээлин өстүрдү”,- деди ал.

COVID-19 пандемиясы учурунда фонд 118 ишеним телефону аркылуу акысыз медициналык консультацияларды уюштурган. Ал он миңдеген чалууларга жооп берген.

“Маселен, Кыргызстан маанилүү эл аралык документ болгон “Стамбул протоколун” ишке ашырган алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп калды”,- деди Бермет Барыктабасова.

“Стамбул протоколу” – бул кыйноолорду, катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени жана жазанын башка түрлөрүн натыйжалуу иликтөө, документтештирүү боюнча эң маанилүү эл аралык документ.

Бийликтин реакциясы

Ал ортодо “Кактус медиа” президенттин администрациясындагы жеке булактарына таянып, “Сорос-Кыргызстан” фондунун жабылышы боюнча бийликтин көз карашын жазып чыкты.

Анда фонддун жабыла турганы мурда эле белгилүү болгону, бирок “Сорос-Кыргызстан” муну жакында эле кабыл алынган "Чет өлкөлүк өкүл жөнүндө" мыйзам менен байланыштырып жатканы администрацияны таң калтырып жатканы айтылат.

“Жорж Соростун үй-бүлөсү жана өнөктөштөрү уюштуруу иштерин кайра карап чыгып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү өкүлчүлүктөрүн жаап жатат. Алар Украина менен Грузиядан башка бардык Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жана бүткүл Чыгыш Европадагы кеңселерин жапты. Көптөгөн аймактык долбоорлор кыскарып же толугу менен жабылып калды”,- деген ал.

Ошондой эле президенттик администрация эгемендүүлүктүн алгачкы отуз жылында “Сорос-Кыргызстан” фондунун өлкөдө мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана жарандык коомду өнүктүрүүгө кошкон зор салымын жогору баалайт деди.

Фонддун Кыргызстанда билим берүү чөйрөсүн жана гуманитардык илимдерди өнүктүрүү боюнча ишмердүүлүгүн өзгөчө баса белгиледи. Келечекте “Ачык Коом” институту менен кызматташууну улантууга үмүт кыларын айтты.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам

Social media

Сүрөттүн булагы, Social media

2022-жылы депутат Надира Нарматова башында турган бир топ депутат “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштаган.

Аталган документ коомдо кызуу талкуу жаратып, демилгелеген депутаттардын көпчүлүгү кайра андан баш тартышкан.

Эл аралык уюмдардын катуу сынына карабастан президент Садыр Жапаров мыйзамга апрелдин башында кол койгон. Ал чуулгандуу мыйзам боюнча түшүндүрмө дагы берген.

“Бизде 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен”,- деген ал.

Айтымында, эми алар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүшөт жана банктан эсеп ачышат.

“Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин калкыбызда айтылып келген “эшек жайлоо” деген мындан ары болбойт. Ал эми чет өлкөлүк донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы деген суроо туулат. Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат. “Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат” деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат”,- деген эле Жапаров.

Кандай болгон күндө дагы аталган документ эл аралык уюмдардын катуу сынына кабылып, өлкөнүн адам укуктарына байланыштуу рейтингин төмөндөткөн документтердин бири болуп калды.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынуусу кыргыз бийлигинин өзгөчө саясий чечими болду",- деди юрист Таттыбүбү Эргешбаева.

Ал мындай чечим менен мамлекет тышкы саясатты жүргүзүүдө Кыргызстандын көз карашын көрсөтүп койгонун айтты.

“Мыйзам кабыл алына электе демократияны жактаган өлкөлөрдүн Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү каршылык ноталарын жиберди, бирок мыйзам долбоору кабыл алынды. Эми ошол өлкөлөр, эл аралык уюмдар каржылык жардамын чектейт. Кайсы бири Кыргызстанга, Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон саясатын өзгөртүүсү мүмкүн”,- деди Эргешбаева.

Коомдук сайттарда аталган фонд билим берүү, саламаттыкты сактоо, экология жаатында абдан көп долбоорлорду колдоого алганын эскергендер бар. Алар мындай салым унутулбай тургандыгын жазып, эскерүүлөрү менен бөлүшүп жатат. Алардын бири Эркин Рыскулбеков.

Эркин Рыскулбеков: "Биз сага кош дебейбиз, кайра көрүшкөнчө"

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эркин Рыскулбеков: "Биз сага кош дебейбиз, кайра көрүшкөнчө"

Грузиянын депутаттарын мушташтырган мыйзам долбоору

Грузия

Сүрөттүн булагы, Getty Images

“Чет элдик агент жөнүндө” мыйзамдын долбоору Грузия парламентинде дагы каралып, депутаттар мушташканга чейин барды.

Парламенттик көпчүлүктүн лидери Мамука Мдинарадзе чыгып сүйлөп жатканда ага оппозициялык “Жарандар” партиясынын лидери Алеко Елисашвили кол көтөрүп, депутаттар эки жаат болуп калды.

Грузиянын маалымдоо каражаттары тараткан маалыматка караганда, сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, каржылоонун 20 пайызынан кем эмесин чет өлкөдөн алган уюмдар өлкөнүн Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өтүп, жылдык кирешеси тууралуу отчёт берип турушу керек экен.

Эгер антпеген шартта 25 миң лари же 9 миң доллардан ашык айып пул сунушталып жатыптыр.

Грузияда буга чейин дал ушул мыйзам долбоору боюнча талкуу кызыганда миңдеген киши каршылыгын билдирип көчөгө чыккан. Алар эң негизги бул мыйзам долбоору дээрлик Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөн деп, катуу каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада 2023-жылдын жазында мыйзам долбоорун кароо токтогон эле.

Бул ирет мыйзам долбоорун кайрадан кароо аракети дагы катуу каршылыкка кабылып жаткан учур. Грузия менен Евро биримдиктин желегин көтөргөн миңдеген киши көчөгө чыкты. Алар бул мыйзам долбоору Евро биримдикке умутулуп жаткан Грузияны артка тартат, кысым күчөйт деп жатышат.