"Өзгөргөн стратегия". Дэвид Кэмерондун Борбор Азияга сапары

Кэмерон менен Жапаров

Сүрөттүн булагы, President.kg

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Украинадагы согуштан айынан Батыш менен Москванын санкциялык эрегиши курчуп турган убакта, Улуу Британиянын тышкы иштер министри лорд Дэвид Кэмерондун Борбор Азияга сапары башталды. Лондон бул региондун Россияга санкциялык режимди айланып өткөн плацдарм болушун каалабайт жана аны менен экономикалык-гуманитардык кызматташтыкты тыгыз кылууга умтулат.

Британ тышкы иштер министри Борбор Азия боюнча сапарын Тажикстандан баштап, бүгүн Кыргызстанга келди. Лорд Дэвид Кэмерон кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолукту жана кыргыз кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен эл аралык кырдаал жана эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Алака-катышты кеңири тармакта өнүктүрүүнү караган жол картасына кол коюшту.

Биргелешкен билдирүүдө Дэвид Кэмерон Кыргыз-британ кызматташтыгы олуттуу деңгээлге көтөрүлүп жатканын баса белгиледи:

"Мен бул аймакка тышкы мамилелерди өнүктүрүү үчүн, жардамыбызды эки эсеге көбөйтүү үчүн келдим. Биз билим берүүгө, анын ичинде англис тилиндеги окуу китептерине, англис тилин үйрөнүунү каалаган бардык мугалимдерге жеткиликтүү кылуу үчүн инвестиция салмакчыбыз".

Лондон британдык университтерде окууга мүмкүнчүлүк берген Chevening стипендияларын эки эсе көбөйтмөк болууда. Бишкекте чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө британдык инвестициялык фонд ачылат. Ошондой эле энергетика, тоо-кен жана башка тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүнүн чоң потенциалы бар экени айтылууда.

"Биздин бизнес үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Биз тоо-кен тармагы тууралуу сүйлөштүк. Сиздерде бул жерде тоо-кен тармагындагы маанилүү минералдар жөнүндө бардык маалыматты санариптештирүүгө жардам берген Британиянын геологиялык изилдөө ишканасы иштейт. Эбегейсиз зор жардам, алар британиялык инвестициянын көбүрөөк катышуусун каалаарын айтышты жана мен алар катышат деп абдан каалайт элем",-деди Кэмерон.

Жээнбек Кулубаев кыргыз-британ мамилелеринин активдешип жатканын чоң канааттануу менен белгиледи:

“Экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мен британ тарапка биргелешкен сооданын көлөмүн көбөйтүү боюнча активдүү иш-аракетти улантууну сунуш кылдым. Андан сырткары, британ инвестициясын Кыргызстанга тартууга кызыкдар экенбизди билдирдим”.

Британ тышкы иштер министри бул аптадагы беш күндүк сапарында Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнө жана Монголияга барат.

Борбор Азияга иш сапарын пландап жатканын Кэмерон март айында парламенттеги талкуулар убагында жарыя кылган болчу.

"Борбор Азия - биз көп иш аткара турган секторлордун бири. Мен ал жакка барууну пландап жатам. Мен ал жакта кандай ишканалар, окуу жайлар менен кызматташууну билгендер менен жолугуп тегерек үстөл өткөрөм",-деген эле.

Ошондой эле өткөн жылы декабрда Британиянын жетекчилиги 2024-жылы Борбор Азиянын лидерлери менен С5+1 форматында саммит өткөрөрү жарыяланган.

Британдык министрлердин Борбор Азия менен алакасы солгун болуп жатканы парламентте сынга алынганы да айтылган эле.

"Тарыхый сапар"

Нурлан Шакиев Кембриж

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Кыргызстан эгемендүү болгондон бери парламент жетекчисинин Лондонго биринчи жолку расмий сапары экенин билдирип, аны "тарыхый сапар" деп атады.

Башкасын айтпаганда дагы Кыргызстандын расмий жетекчилери соңку убакта Улуу Британияга ат тезегин кургатпай тез-тез каттап калышты.

Март айында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британияда расмий иш сапар менен барып келди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Кыргызстан эгемендүү болгондон бери парламент жетекчисинин Лондонго биринчи жолку расмий сапары экенин билдирип, аны "тарыхый сапар" деп атады.

Төрага сапар убагында Британиядагы кыргызстандыктар эмгектенген айыл чарба фермаларына, Кембриж университетине барган. Жолугушуу убагында Британия кыргыз жарандарына сезондук жумуштарга квотанын санын көбөйтүп жатканы тууралуу сөз болгон.

"Саясий-экономикалык алакалардан тышкары, жарандарды иш менен камсыздоо жаатында алгылыктуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кыргызстандыктарга бөлүнгөн квотанын саны он миңге көбөйтүлдү", - деди Нурланбек Шакиев.

2023-жылы ноябрда Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Британияга иш сапар менен барып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү багытында бир катар документтерге кол коюлган эле. Мисалы, Кыргызстан менен Улуу Британиянын геологиялык кызматтары кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ошондой эле ICBC Standart bank менен "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасы келишимге кол коюшкан, бул кыргыз алтынын Лондон биржасында жогорку баа менен сатууга өбөлгө түзөт деген билдирүү болгон.

"Эгер баары жакшы кетсе, биздин алтын биринчи жолу эң жогорку баа менен сатылып баштайт. Бул көп мамлекеттер менен ишканалар жете албай келаткан чек",-деген "Кыргызалтын" ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Бактыгул Абжалиев.

Эми минтип Улуу Британиянын тышкы иштер министри Бишкекке расмий сапар менен келип жатат.

Кэмерон жана Жапаров

Сүрөттүн булагы, GOV.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акылбек Жапаров Лондонго жумушчу сапары менен барганда Улуу Британиянын тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министри Дэвид Кэмерон менен жолуккан

Батыштын өзгөргөн стратегиясы

Улуу Британиянын тышкы иштер министринин Борбор Азияга расмий сапары Украинада согуш создугуп, анын айынан Кыргызстандын эң башкы саясий, аскердик жана экономикалык союздашы Россия менен Батыштын мамилеси курчуган геосаясий татаал кырдаал түзүлгөн учурда болууда.

Батыш менен Москванын санкциялык эрегиши күчөгөн шартта Борбор Азиянын геосаясий мааниси жана кадыры өсүүдө. Батыштын лидерлери биринин артынан бири бул региондун президенттерин чакырып, бооруна тартып жаткан убак. Ошол эле убакта Түркия менен Кытай да Борбор Азияны өзүнүн орбитасына тартуу саясатын активдүү жүргүзүп келатат.

Өткөн жылы сентябрда президент Садыр Жапаров федералдык канцлер Олаф Шольцтун чакыруусу менен Германияга иш сапар менен барып кеткен.

Кыргызстандык эксперт Денис Бердаковдун пикиринде жазында Борбор Азия менен Кытайдын саммити өткөндөн кийин Батыш дагы бул региондо стратегиясын өзгөртүп баштады.

"Батышта Борбордук Азия менен карым-катыштын сапаттык жаңы парадигмасын киргизүү керектигин түшүнүштү. Бул парадигмага карасак, биринчиден, БА лидерлеринин Нью-Йоркто Байден менен жолугушуусунда адам укуктарынын, этникалык азчылыктардын укуктарынын сакталышы ж.б. жөнүндө талаптар болгон жок. Экинчиден, жашыл экономикага өзгөчө көңүл бурулууда. Аны өнүктүрүүгө гранттар жана арзан кредиттер менен кеңири каржылоо жүрүүдө. Үчүнчүдөн, Борбор Азияга тоо-кен байлыктарын казууга немис, жапон, түштүк кореялык, канадалык, британдык жана америкалык компаниялар көп келген жатат",-деп жазган Денис Бердаков өзүнүн Телеграм-каналында.

Борбордук Азия өлкөлөрү өзүнүн башкы саясий, аскердик жана экономикалык союздашы болгон Москванын маанайын карап иш кылбаса болбойт. Ошол эле убакта Батыш менен болгон мамиленин да бузулушун каалабайт.

"Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзүнүн улуттук кызыкчылыктары бар. Алар Россия менен бир аскердик уюмда болгон менен экономикалык кызыкчылыктары биринчи кезекте",- дейт эл аралык мамилелер боюнча адис Сыймык Эдилбек уулу.