ТикТок: эшигин жапса, “тешиги” ачык. Жаап салуу маселени чече алабы?

TikTok

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда TikTok коомдук сайты жабыла турган болду. Байланыш операторлоруна аталган тиркеменин жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча кат жөнөтүлгөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги тастыктады.

Министрлик мындай чечим УКМКнын катынын негизинде кабыл алынганын билдирди.

TikTok тарабынан "Балдардын ден соолугуна, физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирбөө боюнча чаралар жөнүндө" Кыргызстан мыйзамынын айрым беренелери сакталбай жатканы жүйөө келтирилди.

Деген менен TikTok ачылбай калды дегенден тарта түрдүү шакаба, түрдүү кеңештер жаандан кийинки козу карындай жайнады.

Facebook

Сүрөттүн булагы, Facebook

"Бөгөт коюу эркиндиктин чектелиши"

Назира Айтбекова

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Назира Айтбекова

Кыргызстандагы белгилүү блогерлердин бири Назира Айтбекова TikTok’тун активдүү колдонуучуларынын бири. Бирок ал аны каражат табуу үчүн эмес, жөн гана маалымат алуу же контент жаратуу үчүн гана колдоно турганын айтты.

"Албетте блогерлерге бул нерсе жакпайт. Бүгүн TikTok, эртең Facebook, кийин Instagram жабылат. Мындай чектөөлөр туура эмес. Маселен, TikTok аркылуу эл соода-сатык кылып жатат, туризмди өнүктүрүп жатат. Айрымдардын көмүскөдө жаткан таланты ачылууда. Бычакты кишилер нан кесүү үчүн дагы, кылмыш кылуу үчүн дагы колдонгон сыңары TikTok’ту деле оң жана терс контент жаратуу үчүн колдонсо болот",- деди ал.

Айтбекова бийлик ага бөгөт койгондон көрө аны туура колдонуу жолун сунушташы керек болчу деп эсептейт:

"Кандай нерсеге катталсаң, алгоритм ошону чыгарып берет. Жакшы нерселерге каттал дагы пайдалуу маалыматтарды ала бер. Маселен TikTok’ту биздин үй-бүлөнүн бардык мүчөсү колдонот. Менин баракчамды ачсаң психология, тарых, маданият тууралуу маалыматтар чыгат. Тил үйрөнөм, англис тилинде роликтерди көрөм. Апам дагы TikTok колдонуучусу катары унаа башкаргандар жөнүндө же башка кызыктуу нерселерди көрөт. Уулум болсо окуусуна байланыштуу математиканы, химияны, физиканы ошол жактан үйрөнөт. Тиешелүү министрлик бөгөт койгондон мурун блогерлерди бир арага чогултуп, TikTok аркылуу Кыргызстандын туризмин, маданиятын өнүктүрөбүз десе болот да. Салттуу музыканы, салттуу кийимдерди TikTok аркылуу чыгарса эмнеге болбосун".

Блогер мындай бөгөт коюуну эркиндиктин чектелиши деп эсептейт. Адамдын психологиясына ашкере терс таасирин тийгизе турган жана башка ушул сыяктуу контенттерге TikTok’тун өзүнүн дагы чектөөсү бар экенин айтат.

"Мен бул коомдук сайттан кооптоно турган эч нерсе көрбөй элемин",- дейт Назира.

TikTok жаштарды жаңылыштырып жатабы?

Салтанат Шакенова

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Салтанат Шакенова

TikTok’тун активдүү колдонуучуларынын бири Салтанат Шакенова бул тармакты акча табуунун бир булагы катары колдонот. Анын айтымында, оюн ойноп жатып эле бир жылда төрт миллион сом киреше тапкан.

Бирок Шакенова TikTok’ту жабуу демилгесине каршы эмес, ошол эле учурда колдобойт дагы.

Ал андагы контент жаратуучулардын ыгы жок кыймыл-аракети, чектен ашкан жүрүм-туруму коомдун кайсы бир катмарына терс таасир тийгизип жатат дейт.

"Улуу муундагы кишилер деле терс сапаттарын көрсөтүп жаткан учурлар бар. Жылаңач чуркап бара жатканын жүктөп же жылаңачтанып алып эфирге чыккан учурлар болот",- деди ал.

Салтанат Шакенова ыгын таап пайдалангандар үчүн TikTok жакшы каржы булагы экенин дагы кошумчалады:

"Техниканын заманы болуп жаткан соң TikTok интернет аркылуу эле каражат табуунун жакшы ыкмаларынын бири. Бирок аны туура эмес колдонгондор карызкор дагы болуп калышы мүмкүн. TikTok’тун арты менен эле мен үйдө отуруп, эмерек алдым. Эки машина, телефондун түрүн алдым. Кыскасы көп пайдасын көрдүм. Бирок жеңил акча тапканыбыз менен тарбияны бузуп жаткан учурлар көп болуп жатат".

TikTok

Сүрөттүн булагы, Түз эфирдеги видеодон алынган сүрөттөр

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түз эфирден алынган видео

Маданият министрлигинин чечими

Маданият министрлиги Кыргызстанда TikTok жабуу чечимин былтыр августта чыгарган.

Министрлик түшкөн даттануулардан кийин коомдук сайтка мониторинг жүргүзгөнүн белгилеген. Анын жыйынтыгында маалыматтарга жана жаш боюнча категорияга көзөмөл функциялары жок экенин аныктаган. Мындан улам балдардын психикасына терс таасир тийгизет деген чечим чыккан.

"TikTok колдонуучуну кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө батырат. Аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул клиптерди кайталоого аракет кылышат. Алардын айрымдары балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Мындан тышкары балдардын жаңы калыптанып келе жаткан психикасы али туруктуу эмес, мындай контент көз карандылыкты жаратып, өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет", - деп жазылган министрликтин маалыматында.

Фейсбукта түрдүү азил-тамаша күчөдү

Facebook

Сүрөттүн булагы, Facebook

Маданият министрлиги TikTok коомдук сайтын жабуу жөнүндөгү чечимди ишке ашыруу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылган.

Чечимге чейин аталган маселе өлкө парламентинде дагы көтөрүлүп, Шайлообек Атазов, Надира Нарматова, Жаныбек Кыдыкбаев сыяктуу депутаттар аны бөгөттөө сунушу менен чыгышкан.

Былтыркы жылдан тартып эле аталган министрлик социалдык тармактарды көзөмөлдөө борборун ачууну пландап жатканын айтып келет.

Алар тараткан маалыматка караганда, борбор TikTok, YouTube жана башка социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүп, коомго терс таасир тийгизген контенттерге бөгөт коёт. Бул багытта Meta, Google, TikTok сыяктуу ири компаниялар менен келишим түзүлө турганы дагы айтылган.

"Учурда иш уланып жатат, бирок качан ишке ашат так айта албайбыз",- деди маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов.

Дүйнө кандай көз-карашта?

TikTok

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ал ортодо Орусиянын айрым маалымат каражаттары аталган өлкөдө дагы TikTok'ту бөгөттөө сунушталып жатканын жазып чыгышты.

Сунуш социалдык тармактардын жана мессенжерлердин кесипкөй колдонуучуларынын ассоциациясынан түшкөнү айтылат. Биримдик колдонуучунун маалыматтарын локализациялоо үчүн сайтты текшерүү керек деп жатат.

Учурда TikTok тиркемеси Орусияда иштебейт. Бирок платформадан эки жыл мурунку видеолорду көрүүгө болот.

Калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында респонденттердин 70 пайызы TikTok’ту колдонууну азыр деле улантып жатканы аныкталган.

Айрымдары тиркемени колдонууну адатка айлантып алышса, башкалары контеттин эскилигине көңүл деле бурушпайт.

Эксперттер бул өлкөдө TikTok бөгөттөлсө, анын 30 миллион колдонуучусу орусиялык социалдык тармактарга өтө турганын айтышат.

Кытай компаниясына таандык тиркеменин коопсуздугу жөнүндө көп жылдык талаш-талкуулар дүйнөдө дале уланып келет.

Айрым өлкөлөр мамлекеттик кызматкерлерге, саясатчыларга жана коопсуздук кызматкерлерине телефонго бул тиркемени орнотууга тыюу салышууда.

Алар TikTok менен байланышкан эң негизги үч кооптонууну айтып келишет. Биринчиден TikTok эбегейсиз көп маалымат чогултат. Экинчиден Кытай өкмөтү TikTok’ту аңдуу үчүн колдонот. Үчүнчүдөн, TikTok адамдын аң-сезимин бузат дешет.