"Жашообузду уурдашты": Украинадагы согуш Анталиядагы турак жай көйгөйүн курчуттубу?

Фунданур Өзтүрк, Би-Би-Си Түрк кызматынын кабарчысы

Түркиянын өзүндө Антальяны «кичи Орусия» деп аташат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын өзүндө Антальяны «кичи Орусия» деп аташат

Согуш башталгандан кийин Орусия менен Украинадан Түркияга агылган мигранттардын агымы турак жайлардын баасын жогорулатты. Жергиликтүү тургундар жашоонун кымбатташына келгиндерди күнөөлөшүүдө.

"Кожоюндар бизге окшогон жакырларга караганда орустарга турак жайды ижарага берүүнү артык көрүшөт: алар эки эсе көп төлөшөт. Ошон үчүн ижара акысы асмандап кетти”.

23 жаштагы Дилян чач тарачта иштеп, күнүнө 300 лира (9,3 доллар) табат. Ал соңку ирет жаш балдарына качан эт сатып алганы эсинде да жок.

Анталия — Түркиянын эң ири, популярдуу курорт шаарларынын бири катары белгилүү. Бирок анын "Кичинекей Орусия" деген экинчи аты бар.

Шаардын мэри Мухиттин Бөчектин айтымында, шаардын 2,5 млн тургунунун 200 миңи орус тилинде сүйлөйт.

Расмий маалыматтарга караганда, Анталиядагы эң көп чет элдик коомчулук орустар, андан кийин казактар жана украиндер турат.

Түркиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Анталияда 32 миң орусиялык жана 14 миң украиналык жашоого уруксат алган.

Украинада Орусия тарабынан башталган согуш башталгандан кийин, шаар миграциянын жаңы толкундарынан улам кескин өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Алар турак-жай баасынын кескин жогорулашына жана чет элдиктерге карата кастыктын ошончолук күчөшүнө алып келди.

Согуш башталгандан кийин ижара акысы асман чапчып, эки айдын ичинде беш эсеге өскөн.

Анталия 2023-жылы чет элдиктер өлкөнүн жарандарына караганда көбүрөөк кыймылсыз мүлк сатып алган Түркиядагы жалгыз шаар. Мэрдин айтымында, орусиялыктар эле 90 миңдей үй жана батир сатып алышкан.

Шаар жана аймакты пландоо боюнча адис Бугра Гөкче Антальяда турак-жайдын баасы 2022-жылдын март айынан бери дээрлик төрт эсеге өскөнүн айтат.

Анын айтымында, буга чейин шаарда батирдин орточо айлык баасы 3600 түрк лирасын (112 доллар) түзсө, азыр 14 миң лирага (435 доллар) жетти.

"Өз өлкөсүндөгү иммигранттар"

Анталияда аталышы орусча тез татым жайы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анталияда аталышы орусча тез татым жайы

23 жаштагы Дилян Сириядан келген качкындар жана мигранттар эң көп топтолгон аймакта жашайт. Анын айтымында, качкын сириялыктар менен орусиялык качкындардын абалын салыштырууга да болбойт.

"Мен сириялыктарды бизге келгени үчүн айыптабайм, анткени алардын үстүнө бомбалар түшүп жатты. Бирок орустар үчүн абал такыр башка. Алардын акчасы бар жана бул жерде арзан болгону үчүн гана бизге келишет. Алар биздин жашообузду уурдап, ошол эле учурда аларды татаалдаштырып жатышат”, - деп түшүндүрдү ал.

"Алар айлык маянасына бул жерде бир жыл жашай алышат. Бирок биз талыкпай иштешибиз керек. Мисалы, мен айына 100 лира да үнөмдөй албайм. Базарга барган сайын 1000 лира коротом”, - дейт Дилян.

Эмеректи жабуучу Туная Сарпкая анын пикирине кошулат. Ал чет элдиктердин агымы жашоонун наркын бир топ жогорулатканын ырастайт.

Тунаянын айтымында, ал жашаган райондо Орусиянын Украинадагы согушуна чейин болжол менен 2000 лира (62 доллар) болгон ижара акысы азыр 13 миң лирага (400 доллар) жетти.

Бугра Гөкче, ижара акысынын жогору болушу көптөгөн факторлор, анын ичинде түрк валютасынын долларга карата арзандашы жана жалпы өлкөнүн экономикасындагы олуттуу көйгөйлөргө байланыштуу экенин белгилейт. Анткен менен Түркиядан турак жай сатып алып, жада калса ушул негизде жарандык алган чет элдик байлардын агымы да чоң роль ойнойт.

"Жыйынтыгында биздин жергиликтүү жарандарыбыз оор абалда калып жатышат. Алар жөн эле өз шаарында жашоого чамасы жок, анткени алардын маянасы турак жайга төлөөгө жетпейт, акчаны үнөмдөөнү айтпай эле коелу, — деп түшүндүрөт Гөкче. — Эгерде бийлик азыркы саясатын уланта берсе, анда беш жылдан кийин Анталияда түрк калбай калат. Турак-жай фондунда чет өлкөлүк үстөмдүк абдан ачык болот. Биз азыр эле олуттуу социалдык кризиске туш болуп жатабыз”.

Мине Полат белек дүкөнүндө иштейт. Анын айтымында, анын алты адамдан турган үй-бүлөсү эки эле бөлмөлүү үйдө жашайт: "Үйдүн абалы абдан начар, бирок бизде башка арга жок. Биз өз өлкөбүздө иммигрант болуп калдык”.

9500 лира (294 доллар) пенсия менен жашаган 66 жаштагы Дөне Канат ижара акысын төлөй албай калгандыктан үйүнөн кууп чыкканын айтат. Эми ал 4000 лирага (125 доллар) ижарага алган кароосуз калган дүкөндө жашоого мажбур.

Анталиянын жергиликтүү саясатчыларынын бири, Улутчул Кыймыл партиясынын аткаруучу директору Демет Селек чындыгында орустар өз супермаркеттери жана таксисттери бар өзүнчө жамааттарда жашарын белгилейт.

"Алар бүтүндөй бир турак жай комплексин сатып алып, андагы турак жайларды жалаң орустарга ижарага беришет. Бул туура эмес”, - дейт ал.

Анталияда орусча жазылган тамак-аш аттары кадимки көрүнүш
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анталияда орусча жазылган тамак-аш аттары кадимки көрүнүш

"Биринчи жолу өзүмдү каалоосуз бейтааныш адамдай сездим”

Шаардын райондорунун бириндеги базардан Украинанын жараны Ирина менен жолуктук. Ал Анталияда сегиз жылдан бери жашап жатканын, бирок жакында эле бул өлкөдө өзүн каалабаган конок катары сезгенин айтат.

"Мен автобуста бара жатып, жанымда отурган жергиликтүү аялдардын чет элдиктерге нааразы болуп жатканын уктум, - дейт Ирина. Мен аларга түрк тилинде кайрылдым, бирок алардын бири: "Силер кетсеңер бизге жакшыраак болмок”, - деди. Мындай нерсени биринчи жолу угушум, бул окуя мени абдан капа кылды”.

Ирина сегиз жыл мурун Анталияга көчүп келген.  Азыр ал өзүн каалабаган конок катары сезе баштады
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирина сегиз жыл мурун Анталияга көчүп келген. Азыр ал өзүн каалабаган конок катары сезе баштады

Көптөгөн аялдар, эгер Иринага окшоп иштөөгө уруксаты жок болсо, үй шартында эле кардарларына маникюр, педикюр жана кирпик жасоо аркылуу акча табышат.

Анын айтымында, ал көбүнчө чет элдиктер жашаган аймактын сыртына чыккан сайын жергиликтүү тургундардын “жек көрүүсүнө” туш болот.

"Бир нече күн мурун эле кийим-кече дүкөнүнүн кийим алмаштыруучу жайына кирер алдында, бир түрк аял мени токтотту. Ал кызматкерге: "Мен биринчи кирем, мен түркмүн, ал чет өлкөлүк, ошондуктан күтө турсун" деди. Мен колумдагынын баарын таштап кетип калдым. Ал эми дүкөндүн кызматкерлери такыр кийлигишкен жок, алар мени унчукпай карап турушту. Мурда мынчалык жаман эмес болчу”, - дейт Ирина.

Анталияда азык-түлүктүн баасы да асман чапчыды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анталияда азык-түлүктүн баасы да асман чапчыды

"Согуш башталгандан кийин баары өзгөрдү"

Англис тилинен сабак берген орусиялык 47 жаштагы Наталья Орусиянын Украинага кеңири кол салуусу башталгандан кийин орустар менен украиндердин ортосундагы тирешүү кескин өсүп, Анталияда жашоо толугу менен өзгөргөнүн айтты.

Орусиялык Наталья тапканын айдан айга жеткире албай жатканын айтат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиялык Наталья тапканын айдан айга жеткире албай жатканын айтат

"Кээ бир украиналык досторум мени менен байланышын токтотушту. Мен англис тилинен сабак берген украиналык үй-бүлө менин кызматымдан баш тартты. Мурда бул жерде бир үй-бүлөдөй болчубуз, азыр менин үй-бүлөмдүн ичинде да уруш-талаш болуп жатат. Жашоо эми эч качан мурункудай болбойт, биз көп нерсени жоготтук”, - деп түшүндүрөт ал.

Турак жайдын кымбатташы Натальянын жашоосуна да таасирин тийгизген. Ага чыгымдарды кескин кыскартууга туура келди, бирок айына 1000 доллар да жетпей калганы белгилүү болду. Анын айтымында, үй-бүлөсү ресторандарга барбай калышкан, эт же балык сейрек сатып алышат.

Бирок анын эң корккону – кайсы бир учурда ал жөн гана тапканын айдан айга жеткире албай, депортацияланып калуу.

2022-жылы бийликтер шаардын 10 районунда жашап турууга уруксат берүүнү токтоткон. Буга байланыштуу аларда жашаган чет элдиктер Анталияда жашоого уруксат ала алышпайт же мурункусун жаңылай алышпайт.

Согуш башталгандан кийин орустар жана украиндер үчүн тристтик жашоого уруксат алуу эрежелери жөнөкөйлөштүрүлгөн. Бирок жакында эле жөнөкөйлөштүрүлгөн эрежелер жокко чыгарылды.

Эгерде туристтик жашоого уруксаты бар адам мындан ары өз өлкөсүндө туруктуу кирешеси бар экендигин далилдей албаса, анда анын жашоого уруксаты узартылбайт, анткени анын финансылык абалы зарыл талаптарга жооп бербейт.

Наталья Түркияда көптөн бери жашаган досторунун дээрлик бардыгынын жашоого уруксаты узартылбагандыктан Анталиядан кетүүгө аргасыз болгонун айтат.

"Мен бул өлкөгө эмне болгонун түшүнбөйм. Эмне өзгөрдү? Эмне үчүн алар бизди эми каалабайт? Өткөн жылга чейин визамды узартуу абдан оңой болчу, азыр болсо дээрлик мүмкүн эмес”, - дейт ал.

Украиналык Ольга визасы узартылбай турганын билет. Ошентсе да кызынын келечеги үчүн күрөшөрүн жана эч кайда кетпей турганын айтат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украиналык Ольга визасы узартылбай турганын билет. Ошентсе да кызынын келечеги үчүн күрөшөрүн жана эч кайда кетпей турганын айтат

"Чет элдиктер шаардын экономикасына инвестиция салып жатышат”

 Ижара акысы да күн сайын көтөрүлүп жатат дешет жергиликтүүлөр
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ижара акысы да күн сайын көтөрүлүп жатат дешет жергиликтүүлөр

Анталья Мүлк агенттери палатасынын мүчөсү Исмаил Чаглар Би-Би-Сиге билдиргендей, шаарда чет элдиктер башкарган 3000 катталбаган үй агенти бар.

"Согуш башталгандан кийин Россия менен Украинанын жарандары биринчи жолу алар менен эне тилинде сүйлөшкөн риэлторлорго туш болушту, - дейт ал. — Алар болсо алдап, ижара акысын беш эсе жогору талап кылышкан. Согуштан качкан эл аларга ишенип, анын акысын төлөштү. Өз кезегинде түрк риэлторлору жана кожоюндары муну көрүп, алар да бааларды жогорулатып жиберишти. Ошондуктан ижара акысы күн сайын көтөрүлүп жатат”.

Бирок, бааларды чет элдиктер эмес, учурдан пайдаланып калууну чечкен түрк риэлторлору жана батир ээлери жогорулатты деген пикирлер бар.

Шаардагы айрым кыймылсыз мүлк ээлери айылдарга көчүп келип, үйлөрүн чет элдиктерге, негизинен орустарга ижарага бере башташкан. Мындан тышкары, азыр көптөгөн жергиликтүү агенттиктерде орус тилдүү кызматкерлер да бар.

Эл баанын көтөрүлүшүнө аргасыз көнүүгө мажбур
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эл баанын көтөрүлүшүнө аргасыз көнүүгө мажбур

Ошол эле жергиликтүү саясатчы Демет Селек элдин баары нааразы болгону менен баанын көтөрүлүшүнө бат көнүп калганын айтат: "Акыры көпчүлүк үйлөрүн кымбат баага сата алышты”.

Аскерге чакырылбай калуу үчүн Анталияга качып кеткен орусиялык жаш риэлтор Владимир орусиялыктар мүлктүн баасын көтөрбөй, тескерисинче, шаардын экономикасына инвестиция салып жатканын жүйө келтирүүдө.

"Түркияга биротоло көчүп келгендер таптакыр жакыр адамдар эмес. Алар өздөрүнүн акчасын жергиликтүү экономикага салып жатышат. Көптөгөн түрктөр, айрымдары менин кардарларым, шаар чет элдиктердин аркасы менен өнүккөнүн айтып жатышат!”, – дейт Владимир.

Ал ошондой эле Түркияда инфляция ушундай болгондуктан, бардык товарлардын жана кызматтардын баасы эки жума сайын өзгөрүп жатканын белгиледи. Өлкөнүн экономикалык көйгөйлөрүнүн чет элдиктерге эч кандай тиешеси жок. Анын үстүнө азыр көп адамдар жашоого уруксат бербей, жөн эле өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болуп жатышат.