Эки миң жыл мурунку адам cөөгү табылды. Ал Британияга Орусиянын аймагынан барган

ДНК анализи болжол менен 2000 жыл мурун жашаган адамдын Кембриджширге Рим империясынын эң алыскы аймагынан барганын көрсөттү

Сүрөттүн булагы, Скелет АВТОР ФОТО,

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ДНК анализи болжол менен 2000 жыл мурун жашаган адамдын Кембриджширге Рим империясынын эң алыскы аймагынан барганын көрсөттү

Дээрлик 2 миң жыл мурда азыркы Орусиянын түштүгүндө төрөлгөн жаш жигит Англиянын алыскы аймагына кантип барып калган?

ДНК адистери анын баскан жолун изилдеп, римдик Британиянын тарыхындагы негизги эпизод тууралуу маалыматтарды таап чыгышты.

Окумуштуулар (Алардын изилдөөлөрүнүн натыйжасы Current Biology журналында жарыяланган) Кембриджширде (Англиянын чыгышындагы округ) табылган скелет сарматтар деп аталган көчмөндөр тобуна таандык экенин аныкташты.

Бул адамдардын Рим империясынын эң алыскы аймактарынан Британияга барганынын биринчи биологиялык далили.

Скелеттин калдыктары Кембридж менен Хантингдондун ортосундагы А14 жолунун курулушундагы казуулар учурунда табылган.

Доктор Марина Силва скелеттин кулагынын ичинен алынган кичинекей сөөктөн байыркы ДНКны бөлүп алды

Сүрөттүн булагы, STEPHEN POTVIN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Доктор Марина Силва скелеттин кулагынын ичинен алынган кичинекей сөөктөн байыркы ДНКны бөлүп алды

Археологдор адамдын толук, жакшы сакталган скелетин табышты. Алар аны Оффорд Клуни 203645 деп аташкан — алар сөөк табылган Кембриджширдеги айылдын аты менен анын үлгү номеринин айкалышы.

Ал эч кандай жеке буюмдары жок жалгыз көмүлгөн экен, ошондуктан анын тирүү кезинде ким болгонун аныктоо өтө кыйын.

Лондондогу Фрэнсис Крик институтунун Байыркы геномика лабораториясынын илимпозу Марина Силва скелеттин ички кулагынан алынган кичинекей сөөктөн Офорддун ДНКсын бөлүп алып, чечмелеген. Ал сөөк башка бөлүктөрдүн ичинен эң жакшы сакталганы.

"Муну изилдөө тирүү адамдын ДНКсын текшерүүгө окшобойт. ДНК абдан майдаланган жана бузулган. Бирок биз анын жетиштүү көлөмүн чечмелей алдык.” - деп түшүндүрдү ал.

"Биз алгач аныктаган нерсе, ал ушул убакка чейин изилденген башка романо-британиялыктардан генетикалык жактан абдан айырмаланып турат." – деп белгиледи Марина Силва.

Байыркы ДНКны анализдөөнүн жаңы ыкмалары адамдардын тарыхын ачып берүүгө жөндөмдүү. Ал адамдардын тарыхы кайсыл бир окуяларды өзүнө камтып, жакынкы убакытка чейин ал окуяларды документтерден жана археологиялык табылгалардан гана реконструкция кылуу мүмкүн эле.

BBC

Кеп негизинен бай жана таасирдүү адамдар жөнүндө болуп жатат.

Бул жаңы изилдөө — Британия Рим империясына таандык болгон маалда, биздин замандын 126-228-жылдары Кембрижширде көмүлгөн жөнөкөй адамдын сырын ачуу үчүн заманбап соттук медицинаны колдонгон детективдик аңгеме болуп калды.

Башында археологдор Оффорд көп деле кызыгууну жаратпаган жөнөкөй жергиликтүү тургун болушу мүмкүн чечишкен. Бирок, доктор Силванын лабораториясы жүргүзгөн ДНК анализи аларды таң калтырды. Ал Рим империясынын эң алыскы аймактарынан – азыркы Орусиянын түштүгүнөн, Украинадан же Армениядан экенин көрсөттү.

Анализ көрсөткөндөй, ал сармат болгон. Сарматтар ат минүү чеберчилиги менен белгилүү иран тилдүү элдердин бири эле.

Ал үйүнөн мынчалык алыс жерге кантип келип калды экен?

Бул суроолорго жооп табуу үчүн Дарем университетинин археологдор тобу анализдин дагы бир кызыктуу ыкмасын колдонушкан. Археологдор кишинин ташка айланган тиштерин изилдеп, анын жеген тамак-ашынын химиялык издерин карашкан.

Тиштердин анализи бул адамдын тамактануусу беш жаштан баштап акырындык менен өзгөрүп турганын көрсөткөн

Тиштердин анализи бул адамдын тамактануусу беш жаштан баштап акырындык менен өзгөрүп турганын көрсөткөн

Сүрөттүн булагы, MOLA HEADLAND INFRASTRUCTURE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тиштердин анализи бул адамдын тамактануусу беш жаштан баштап акырындык менен өзгөрүп турганын көрсөткөн

Дарактардын өсүүсүн билдирген шакекчелер сыяктуу эле тиштер дагы убакыттын өтүшү менен өрчүйт. Тиштердин ар бир жаңы катмарына ошол убакта желген тамак-аштагы химиялык заттар кошула берет.

Анализ көрсөткөндөй, ал алты жашына чейин сарматтар жашаган аймакта арбын болгон илимде С4 деп аталган таруу жана жүгөрү дандарын жеген.

Бирок, профессор Жанет Монтгомери айткандай, убакыттын өтүшү менен ал бул дандарды азыраак жей баштаган жана анын рационунда Батыш Европада кездешүүчү буудай пайда болгон.

“Анализ анын ата-бабалары эмес, ал өзү Британияга көчүп барганын көрсөтүп турат. Ал чоңойгондо батышка көчкөн, андыктан аталган өсүмдүктөр анын рационунан жоголгон”, - дейт ал.

175-жылы сармат аскерлери римдиктерден жеңилип, качып бараткандагы көрүнүш

Сүрөттүн булагы, CONRAD CICHORIUS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 175-жылы сармат аскерлери римдиктерден жеңилип, качып бараткандагы көрүнүш

Тарыхый далилдер Офорд атчан жоокердин уулу же балким малайы болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат, анткени дал ушул мезгилде сарматтардын атчан аскерлеринин бир бөлүгү Рим армиясына кошулуп, Британияга жөнөтүлгөн.

Ири инфраструктуралык долбоорлор боюнча археологиялык иштерди жүргүзгөн MOLA Headland Infrastructure компаниясынан доктор Алекс Смиттин айтымында, ДНК анализи бул теорияны колдойт.

"Биологиялык көз караштан алганда бул эң мыкты түшүндүрмө. ДНК анализинин жана химиялык анализдин технологиялары коомдук топтордун түзүлүшүн жана алардын римдик доордогу өнүгүшүн изилдөөгө мүмкүндүк берет. Ошол мезгилде шаарларда гана эмес, айыл жергесинде да адамдар тез-тез көчүп-конуп турушкан деп ишенем” – деп билдирди ал Би-Би-Сиге.

Сөөк Кембридж менен Хантингдондун ортосундагы А14 жолун оңдоо долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн казуулар учурунда табылган

Сүрөттүн булагы, ©MOLA HEADLAND INFRASTRUCTURE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сөөк Кембридж менен Хантингдондун ортосундагы А14 жолун оңдоо долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн казуулар учурунда табылган

Криктеги Байыркы геномика лабораториясын жетектеген доктор Понтус Скоглунд Би-Би-Сиге жаңы технология биздин өтмүш жөнүндөгү түшүнүгүбүздү өзгөртүп жатканын айтты.

"Бүгүнкү күнгө чейин байыркы ДНКны чечмелөөнүн негизги натыйжасы таш жана коло доорлорундагы жашоону айкыныраак түшүнүү болуп саналат, бирок алдыңкы ыкмалар менен биз Рим жана андан кийинки доорлор жөнүндөгү түшүнүгүбүздү да өзгөртүп жатабыз." (DO)