Адамдын бою эмнеден өсөт же кыска болуп калуунун себеби эмне?

Орточо неандерталдын бою 165 см болгон, муну билесизби? Адам жаралгандан тарта анын бою 10 сантиметрге өстү. Британияда эркектердин боюнун орточо узундугу - 178 см, аялдардыкы -164 см.

Видеонун түшүндүрмөсү, Адамдар мындан ары өспөйбү?

АКШда эркектердики- 176 см, аялдардыкы- 163 см. Ирандыктардын бою бир кылым мурдагыга салыштырмалуу 16,5 сантиметрге өстү. Түштүк Корея аялдарынын бою бул аралыкта 20 сантиметрге чейин чоңойгон.

Нидерландияда дүйнөдөгү эң узун кишилер жашайт. Бул өлкөдө эркектердин орточо бою 183 см, аялдардыкы болсо 170 сантиметрдин тегерегинде. XIX кылымдын ортосунан бери нидерландиялыктардын бою 20 сантиметрге өскөн.

Жогоруда айтылгандарды эске алып, адамдын бою дагы өсөбү деген суроо жаралат. Эгерде лего шаарын курсак, биз ал жерде гигант адам болуп калабызбы? Чынында, андай мүмкүн эмес.

Келиңиз анда, эмнеге боюбуз өскөнүн иликтеп көрөлү. Адамдын жашы өткөн сайын анын сөөктөрү да чоңоёт. Буга адам баласындагы гормондор себеп. Баланын бою канчалык узун болоруна генетика да таасир этет. Бою узун ата-энелерден бою узун балдар төрөлөт эмеспи. Бирок бул баарын түшүндүрбөйт.

Иликтөөлөргө караганда, баланын тамак-ашы анын боюнун узун же кыска болооруна түздөн-түз таасир этет. Жакшы сапаттагы азык-түлүгү бар жана туура тамактануу маданиятын сактаган өлкөлөрдүн жашоочуларынын бойлору узун болоору калетсиз.

лего оюнчуктар

Голландиялыктардын көбү туура тамактанууга өзгөчө көңүл бурат. Ал эми АКШда калктын үчтөн бири ашыкча салмактагы адамдар. Дал ушул себептен элүү жылдан бери америкалыктардын бою өсүп же кичирейип кеткен эмес.

Жалпылап айтканда, өнүккөн өлкөлөрдө кишилердин бою бири-бирине окшош. Ошондо адамдын бою мындан ары өспөйбү?

Бир жол бар. Боюңузду дагы өстүргүңүз келсе, анда космоско учуңуз. Эл аралык космос станциядагы астронавттардын бою бир нече айдын ичинде кыйла өсөт. Бирок бул убактылуу. Демек, голландиялык эркектен бир гана кишинин бою узунураак болот. Ал космостогу голландиялык эркек.

Биз BBC Travel сайты үчүн даярдалган Шервин Абдулхамидинин "Байыркы ирандык эргежээлдер: алардын байыркы шаары болгонбу?" деген макаласын дагы сунуштай кетели.

Байыркы ирандык эргежээлдер: алардын байыркы шаары болгонбу?

Мындан бир кылымдай илгери эле Махуник кыштагындагы тургундардын боюнун узундугу бир метрден ашкан эмес. Айрымдар азырга чейин "Ирандын алыскы бул аймагында качандыр бир эргежээлдердин байыркы шаары болгон" деп ишенишет. Аймакта Махуниктен сырткары 12 калктуу конуш бар.

Махуник

Сүрөттүн булагы, Mohammad M. Rashed

Жонатан Свифтин атактуу "Гулливердин саякаты" деген чыгармасында дарыгер Лемюэль Гулливер кеме кырсыгынан кийин эргежээлдер өлкөсүнө түшүп калат эмеспи. Эргежээлдердин боюнун узундугу 15 см. ашпайт. Бирок бул эми автордун фанатазиясынан жаралган шаар.

Ал эми Ирандын Түштүк Хорсан провинциясындагы Махуник кыштагы бул реалдуу нерсе. Бир кылым илгери аймакта жашаган тургундардын боюнун узундугу бир метрден ашкан эмес. Болжолу ошол кездеги орто бойлуу ирандыктан 50 см кичине болушкан.

Мындан бир кылымдай илгери Махуник кыштагындагы тургундардын боюнун узундугу бир метрден ашкан эмес. Дал ушундай жапыз үйлөрдө жашашкан.

Сүрөттүн булагы, Mohammad M. Rashed

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мындан бир кылымдай илгери Махуник кыштагындагы тургундардын боюнун узундугу бир метрден ашкан эмес. Дал ушундай жапыз үйлөрдө жашашкан

Махуник кыштагына болжолу 1500 жыл болду. Кыштак Ооганстан менен чек арадан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан. 2005-жылы кыштактын жака белинен мумияланган сөөктү табышкан. Анын узундугу 25 см болгон. Мына ушул жагдай ирандыктардын эргежээлдер шаары болгон деген ишенмин дагы бекемдеди.

Бирок кийин табылган сөөктү эксперттер ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү деп аныкташып, ал болжолу 400 жыл мурун төрөлгөн деп айтышкан. Бирок адистер деле Махуник кыштагындагы тургундардын мурунку муундарынын бойлору кыска болгонун четке кагышпайт.

Бойдун мындай кыска болуп калганына башка факторлор бар. Ар дайым чала тоют болуп жүргөндүк жана окшош эле азыктарды такай колдонуунун чоң таасири болгон.

Бул кургак чөлдүү аймакта мал чарбачылыгы менен алектенүү кыйын. Дыйкандардын жалгыз айласы -түрп, арпа сыякту бир катар эгиндерди эгүү.

Махуник жашоочулары ачкачылыктан өлүп калбашы үчүн жөнөкөй вегетариандык тамак-ашты колдонгон.

Айрымдар азырга чейин "Ирандын алыскы бул аймагында качандыр бир эргежээлдердин байыркы шаары болгон" деп ишенишет.

Сүрөттүн булагы, Mohammad M. Rashed

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрымдар азырга чейин "Ирандын алыскы бул аймагында качандыр бир эргежээлдердин байыркы шаары болгон" деп ишенишет

Жергиликтүүлөрдүн адаттан сырт "диетасы" - Ирандын ашканасындагы манилүү орунда турган чайды жек көрүү эле.

"Бала кезимде бизде эч ким чай иччү эмес. Эгерде кимдир бирөө чай ичсе, аны шылдыңдап, баңгиман деп айтышчу",-деп эскерет 61 жаштагы Ахмад Рахнама.

Рахнама Махуниктин тургуну. Ал жергиликтүү этнографиялык музейди жетектейт.

XX кылымындын орто ченинде унаа жолдору түшкөндөн кийин байыркы кыштакка цивилизация жакындады. Кыштактын анчейин көп эмес тургундары Ирандын башка аймактарында көндүм болуп калган тамактан даам сызууга мүмкүнчүлүк алды. Айталы, күрүч жана тоок эти.

Ылай менен таштан салынган болжолу эки жүздөй турак үйдүн 70-80ни гана бир жарым эки метрдей бийиктикте. Калган үйлөр абдан жапыз.

Сүрөттүн булагы, Mohammad M. Rashed

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ылай менен таштан салынган болжолу эки жүздөй турак үйдүн 70-80ни гана бир жарым эки метрдей бийиктикте. Калган үйлөр абдан жапыз

"Авто унаалар пайда болгондон кийин кишилер азык-түлүктү коңшулаш шаарлардан алып келип, мурдагыдай нан менен эле олтуруп калбай, башка азык-түлүктөрдү да пайдаланып калды",-деп аңгеме салды Ахмад Рахнама.

Азыр эми 700 тургун жашаган Махуникттеги көпчүлүк тургундардын бойлору кадимкидей эле болуп калган. Бирок дале кыска бойлуу тургундарды кыштактан оңой эле табасың.

Ылай менен таштан салынган болжолу эки жүздөй турак үйдүн 70-80ни гана бир жарым эки метрдей бийиктикте. Калган үйлөр абдан жапыз. Үйлөрдүн шыптары 1,4 метр бийиктикте.

Илгери курулуган мындай "эргежээл" үйлөрдүн бирине баш багайын деп, Рахнманын артынан кирип, ичкериге ийилип өтүүгө аргасыз болдум. Үйдүн жыгач эшиги түштүк тарабында жайгашып, түндүктөн келген шамалдан далдоолонгон.

Биз абдан жапыз конок бөлмөсүнө кирдик. Башың шыпка тийип калбаш үчүн отуруу керек экен. Мындай бөлмөлөрдүн жалпы аянты 10дон 14 чарчы метрге чейин. Бул жерде эгин сакталуучу атайын жай бар. Андан сырткары чоподон жасалган меш жана уктоочу жай бир эле бөлмөдө жайгашкан.

Махуник тургундары үчүн мындай кичинекей үйдү куруу да оңойго турбайт. Кеп алардын жапыз бойлорунда деле эмес. Маселенин баары курулуш материалдарын алып келе турган көөлүктүн жоктугунда болгон. Чакан үйгө аз каражат кетип, жылытуу да оңой. Кол салгандар дагы үйлөрдү көп байкай берген эмес.

Уникалдуу архитектура менен курулган бул кыштак туристтерди өзүнө тартат деп ишенишет.

Сүрөттүн булагы, Mohammad M. Rashed

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уникалдуу архитектура менен курулган бул кыштак туристтерди өзүнө тартат деп ишенишет

Азыр деле кыштакта жашоо жеңил эмес. Себеби соңку жылдардагы кургакчылык жергиликтүү айыл чарбасын тукулжуратты. Жаштар Махуникти таштап чыгып, жумуш издеп чоң шаарларга агылууда.

Кыштакта калган кары-картаңдар болсо жалаң гана мамлекеттик жардамдарга ишенип жашайт.

Мындай оор кырдаалга карабастан Рахнаманын көздөрү үмүткө толгон. Уникалдуу архитектура менен курулган бул кыштак туристтерди өзүнө тартат деп ишенет. Ошондо туруктуу жумушчу орундары дагы түзүлөт. Азыр эми "кандай болсо, ошондой" деп жылмайды карыя.

Макаланын оргиналын BBC Travel сайтынан англис тилинде окуңуздар. (AbA, rA)