Кофе кантип дүйнөдөгү сүйүктүү психоактивдүү затка айланды?

Cup of coffee

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кофе он беш кылымдан бери адамзат турмушунда орчундуу орунду ээлеп келатат

Нью-Йорктун ызы-чуу көчөлөрүнөн тартып Эфиопиянын тынч адырларына чейин кофе миллиондогон адамдардын күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Ал он беш кылымдан ашык убакыттан бери адамзат маданиятында олуттуу орунду ээлеп келди, кээ бирлери анын таасирин азыркы дүйнөнүн көптөгөн интеллектуалдык жана маданий идеяларынын пайдубалы түптөлгөн 17-18-кылымдарда Агартуу дооруна дем берген деп санашат.

Кофенин негизги активдүү ингредиенти - кофеин, ал учурда дүйнөдө эң көп керектелген психоактивдүү зат болуп эсептелет, бул биздин ой жүгүртүүбүзгө жана сезимибизге таасир этет.

Кофе кайдан келет?

Кофе алгач Эфиопияда табылган арабика кофе өсүмдүгүнүн мөмөсүнөн алынат.

Кофе өндүрүшүнүн 90% дан ашыгы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, биринчи кезекте Түштүк Америкада, ошондой эле Вьетнамда жана Индонезияда, ал эми керектөө негизинен өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдө топтолгон.

Уламышка ылайык, 9-кылымда Калди деген малчы өзүнүн эчкилери кофе мөмөсүн жегенден кийин алардын энергия деңгээли жогорулаганын байкаган.

Ошондон бери жергиликтүү тургундар мацерацияланган буурчак же өсүмдүктүн жалбырактарын демдеп ичип калышкан.

Тарыхый маалыматтарга караганда, Йемендеги суфилер алгач 14-кылымда кофенин уруктарын кууруп, бүгүнкү күндө биз билген суусундукту жаратышкан.

15-кылымда кофеканалар Осмон империясында пайда болуп, андан кийин Европага жайылып, бизнес, саясат жана жаңы идеялардын борборуна айланды.

Coffee beans

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кофе алгач Эфиопияда табылган арабика кофе өсүмдүгүнүн мөмөсүнөн алынат.

XX кылымдагы көрүнүктүү немис философу жана социологу Юрген Хабермас сыяктуу кээ бир окумуштуулар эгерде кофе болбосо, Агартуу доору да болмок эмес деп ырасташат.

Хабермастын ою боюнча, кофеканалар 17-18-кылымдарда коомдук пикир жана идеялар калыптанган "талкуу борборлору" болуп калган.

Агартуунун ири ишмерлери да суусундуктун чоң күйөрмандары болгон деп айтылат.

Француз философу Вольтер күнүнө 72 чөйчөккө чейин кофе ичкен, ал эми жердеши Дидро аны 28 томдук "энциклопедия" түзүүдө колдонгон. Бул, америкалык жазуучу Майкл Полландын айтымында, Агартуунун негизги эмгеги деп эсептелинет.

Voltaire

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атактуу француз философу Вольтер күнүнө 72 чөйчөк кофе иччү деп айтышат

АКШдагы Вандербилт университетинин кофе изилдөө институтун жетектеген антропология профессору Тед Фишер капитализмдин өнүгүшүндө да кофе негизги ролду ойногонун айтат.

Ал Би-би-Сиге мындай деди: "Кофе тарыхтын жүрүшүн өзгөрттү жана Агартууга жана капитализмге алып келген идеяларды жайылтты".

"Мага демократия, рационалдуулук, эмпиризм, илим жана капитализм жөнүндөгү идеялар алар абдан керек болуп турган мезгилде пайда болгону жөнөкөй кокустуктай сезилбейт. Кабылдоону жана концентрацияны кеңейтүүчү бул зат, албетте, капитализмге алып келген контексттин бир бөлүгү болгон".

Ошол учурда ишкерлер кофени өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн колдонсо болорун түшүнүшкөн, деп кошумчалайт Фишер, ошондуктан алар жумушчуларына кофе бере баштады жана акыры кофе-брейкке уруксат беришти.

Кофенин караңгы жагы

Кофенин тарыхынын караңгы жагы да жок эмес, анткени ал кулдарды эксплуатациялоодо роль ойногон.

Француздар Гаитидеги плантацияларда Африкадан келген кулдарды иштетишкен. 1800-жылдардын башында Бразилия африкалык кулдардын күчү менен дүйнөлүк кофенин үчтөн бир бөлүгүн чыгарган.

Бүгүнкү күндө кофе дүйнөлүк маданияттын негизи болуп саналат, күн сайын эки миллиард чөйчөктөн ашык кофе ичилет, бул жыл сайын 90 миллиард доллар жүгүргөн индустрияга салым кошууда.

Дүйнө жүзү боюнча жакырчылыкты жана ачарчылыкты жоюу үчүн иштеп жаткан Сухой бейөкмөт уюмунун айтымында, 600 жылдын ичинде "көп нерсе өзгөргөн жок".

Анда жакыр өлкөлөрдүн адамдары азыр деле эң арзан күч катары колдонулуп, кофе индустриясынын негизи бойдон калууда деп айтылат. 50 өлкөдө 125 миллион адам кофеге көз каранды, алардын жарымынан көбү жакырчылыкта жашайт.

Кофе организмге кандай таасир этет?

Кофеин ичкенде тамак сиңирүү тутуму аркылуу өтүп, ичеги-карын аркылуу канга сиңет.

Бирок анын таасири нерв системасына жеткенден кийин гана башталат.

Бул кофеиндин табигый жол менен өндүргөн аденозин химиялык кошулмасына байланыштуу. Аденозин адатта симпатикалык нерв системасын жайлатат, натыйжада жүрөктүн кагышы төмөндөп, уйкусуроо жана эс алуу сезими пайда болот.

Бул кан басымынын бир аз жогорулашына алып келиши мүмкүн, мээнин иштешин стимулдаштырат, ачкачылыкты азайтат жана сергек сезимди жогорулатат, ошону менен узак убакытка концентрацияны жакшыртат.

Cup of coffee

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эксперттер дени сак чоңдор үчүн күн сайын 400 миллиграмм кофеинди сунуштайт, бул болжол менен төрт же беш чыны кофеге барабар.

Кофеиндин таасири маанайды жакшыртууга, чарчоону азайтууга жана физикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга чейин жетет, кээде спортчулар аны кошумча күч алууга колдонушат.

Бул таасирлер 15 мүнөттөн эки саатка чейин созулушу мүмкүн. Организм кофеинди ичкенден кийин 5-10 сааттан кийин жок кылат, бирок анын таасири узакка созулушу мүмкүн.

Эксперттер аны ченеми менен ичүүнү, эртең менен биринчи чөйчөк кофе ичкенде анын таасирин сактап калуу үчүн түштөн кийин ичүүдөн баш тартууну сунушташат.

Эксперттер дени сак чоңдор үчүн күн сайын 400 миллиграмм кофеинди сунуштайт, бул болжол менен төрт же беш чыны кофеге барабар.

Ар кимдин организми ар кандай, бирок кофени чектен ашып ичкенде уйкусуздук, тынчсыздануу, тахикардия, ашказандын дүмпүйүшү, жүрөк айлануу жана баш оору сыяктуу терс таасирлерге алып келиши мүмкүн.

АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыз кылуу башкармалыгынын адистери ошондой эле 1200 миллиграмм кофеин, бул болжол менен 12 стакан кофе, ичкенде талма сыяктуу зыяндуу таасирлер пайда болушу мүмкүн деп эскертишет.

Ошентсе да, Гарвард университетинин доктору Маттиас Хенндин айтымында, ченеми менен ичкен кофе ден-соолукка пайдалуу жана өлүм коркунучун жана бир катар оорулардын коркунучун азайтат.

Ал Би-Би-Сиге: "Күнүнө экиден беш чөйчөккө чейин ичүү өлүм коркунучун төмөндөтөт, атап айтканда кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары жана ал тургай кээ бир рак ооруларынын коркунучун азайтышы мүмкүн", -деди.

Ошентип, кофе ичип жатканыңызда, аны тарыхын жана пайда-зыянын эске ала жүрүңүз. (МА)