Окумуштуулар жакынкы айларда жаңы жылдыз жанат деп болжоп жатышат

  • Мия Тэйлор
  • BBC Future
illustration of a bright star

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Таажы бир нече күн бою асмандагы эң жарык жанган объект болуп турмакчы

Жер шарынан 3000 жарык жыл аралыгында жайгашкан Түндүк таажы (T CrB) — бул кош жылдыздуу система: өчүп бараткан эргежээл жана өз кылымынын аягына чыгып бараткан кызыл алп жылдыз.

НАСАнын айтымында, жакында бул жакта жаңы жылдыз жарк этип көрүнөт, бул бир өмүрдө бир боло турган окуя.

Космостогу бул сейрек көрүнүш 2024-жылдын сентябрь айына чейин болору күтүлүүдө. Ал көрүнүштү жерден туруп оңой байкаса болот дешет.

Бул үчүн анчалык кымбат телескоптун деле кереги жок дейт НАСА.

T CrB жаркырап жанган учур 80 жылда бир болуп турат, акыркы жолу 1946-жылы болгон. "Мен аябай толкунданып турам. Бул Галлея кометасына окшош. Ал дагы 75-80 жылда бир келет. Бирок жаңы жылдыздарга журналисттер кометадагыдай чоң көңүл бурбайт", - дейт НАСАнын метероиддер боюнча программалык менеджери Уильям Джей Кук.

a white dwarf - red giant binary star system

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ак эргежээл менен кызыл алп жылдыз бириккенде жаңы жылдыз жаралат

Жаңы жылдыз жарылганын окумуштуулар кантип билет?

Куктун айтымында, НАСАнын эксперттер көп учурда жаңы жылдыздар жарылып туулган учурларды билишпейт. Бирок "реккуренттүү жаңы" деп аталган он жаңы жылдыз бар",-деп түшүндүрдү ал.

"Кайталанган - бул кайсы бир убакыттан кийин жарылып жаңы болуп турат",-деп улантты Кук. "Түндүк таажы мунун айкын мисалы".

Бирок жаңы жылдыз жакынкы айларда жарк этерин НАСА кайдан билет? Бул математикалык эсептөөлөр менен далилдердин маселеси. Мисалы, T CrB акыркы жолу жарылганы 1946-жылы - 78 жыл мурда болгон. Демек, анын кайрадан жарк эте турган учуру келип калды.

Жаңы жылдыз туула турганына дагы бир белги бар, дейт Кук. "Биз анын жаңы болордон мурда бир жылдай күңүрт болуп каларын билебиз. T CrB 2023-жылдын март айында эле күңүрт боло баштаган, ошондуктан биз жаңы жылдыз жаралыш убактысы азыркы учурдан сентябрдын аягына чейин болот деп турабыз».

Түндүк таажы

Башка жылдыздардан T CrB айырмасы - анын жарылып жаркырашы дайыма кайталанып турганында.

«Окумуштуулар көп эле жылдыз ачышкан, бирок алар бир жолу гана жаркырап көрүнөт. Же анын кайра качан кайталанышын биз билбейбиз», — дейт Джон Хопкинс университетинин физика жана астрономия кафедрасынын окумуштуусу Мередит Макгрегор.

Ал эми жаңы жылдыздын жаркырашына керектүү убакыт бир жылдан миллион жылга чейин болушу мүмкүн, дейт Висконсин-Мэдисон университетинин астрономия профессору Ричард Таунсенд.

illustration of the cause of the nova explosion

Сүрөттүн булагы, Getty Images

НАСАнын эксперттери T CrB качан жарылары эле эмес, эмне үчүн андай болушунун себептерин да билет.

Ак эргежээл T CrB кош системада турат, башкача айтканда бул бири-биринин айланасында айланган эки жылдыздын бири. Экинчиси кызыл алп.

Ак эргежел күндүкүндөй массага ээ, бирок анын диаметри 100 эсе кыска, ошондуктан аны Жердин көлөмүнө салыштырса болот. Чоң масса менен чакан көлөм жогорку тыгыздыкты жана күчтүү гравитацияны берет.

Качан T CrB системасында кызыл алп бөлүп чыгарган нерсенин баарын ак эргежел аны өзүнүн үстүнө тартып ала берет. Ошентип жылдар өтө берет, качан абдан көп масса топтолуп, эргежел кекиртектен "тоймоюнча" жылдар бою ушундай боло берет.

"Ак эргежээлдин үстүнө сырттан түшкөн материал жетиштүү топтолуп, анын температурасы бир нече миллион градуска жеткенде, термоядордук реакция башталат",-дейт Кук.

Азыр эл аябай күтүп жаткан жаңы жылдыздын жарк эткен окуясы ошондо даана көрүнөт.

"Бул Күндүн ядросунда болуп жаткан эле реакцияга окшош, ак эргежелдин үстүңкү катмарынан эбегейсиз чоң энергия бөлүнүп чыгат,-дейт Таунсенд.

"Энергия бөлүнүп чыкканда ак эргежээл кайсы бир убакытка кызыл алп-компаньонду жаап калат, ал эми эки жылдыздан чыккан жарык нурлар - эгер Жерден караганда, миң эсе, кээде жүз миң эсе чоңоет.

Ушул жарыктын чачырашы НАСАнын эксперттерине кош системадагы жылдыздар ортосунда массалар менен алмашуунун натыйжасында термоядордук жарылуу болорун, ак эргежээл жаңы жылдыз болушун түшүнүүгө жардам берет.

Түндүк таажы топ жылдызында бул процесс кайра-кайра болуп турат.

"Ал чоңураак жылдыздан материал топтогон циклди кайра-кайра басып өтө берет"-дейт МакГрегор. "Адатта жаңы жылдыз жаралган учур кайталанышы үчүн миң жыл керек. Бирок Түндүк таажы муну тезирээк кылып жатат, ошон үчүн сейрек көрүнүш болуп калууда".

Жаңы жылдыз жанганда кандай көрүнөт?

an illustration of a white dwarf - red giant binary system

Сүрөттүн булагы, Getty Images

НАСАнын айтымында, T CrB жылдыз системасы адатта +10 жарык менен көрүнөт. Бирок жаңы жылдыз жанып чачыраганда андан да жарык болот. Анын жарыгын Алтын Казыктын жарыгына салыштырсак болот .

Бул окуя болгон учурду көрүш үчүн анчалык деле курал талап кылынбайт.

НАСАнын айтымында, ким жаңы жылдыздын туулган учурун көргүсү келсе, анда асманда Түндүк Таажы жылдыз топтомун же Волопас менен Геркулестин жанындагы жаадай ийиилген жылдызды табышы керек. "Так ушул жерде жаңы жарык жылдыз жанат",-дейт космос агенттиги.

Бирок бул жерде жаңылыш ойлоп албаш керек. Бул чынында жаңы жылдыздын жаралышы эмес. Алыстагы ядордук реакциялардан улам T CrB бизге жарк этип көрүнүп калат.

«Бул мурда эле пайда болгон жылдыз. Ал ошол жакта дайыма болуп келген. Бирок бизге жаңы жылдыз туулгандай көрүнөт, себеби аны биз мурда көрө албай келгенбиз",-дейт МакГрегор.

«Ак эргежээлдер ушунчалык кичине болгондуктан, биз аларды куралсыз көрө албайбыз. Бирок синтез реакциясы болуп жаткандыктан биз аны убактылуу көрө алабыз. Сиз түнкүсүн үйдөң чыгып, асмандан аны көрө аласыз".

T CrB жаркырашы өзүнүн туу чокусуна жеткенде, ал Марс планетасы сыяктуу эле жапжарык болуп көрүнөт, дейт Кук. Ал алоолонгон от болуп чачырап бир нече күн бою көрүнүп турат деп күтүлүүдө.

Андан кийин ак эргежээл чоңураак кызыл жылдыздан топтогон энергиясынан арылгандан кийин, T CrB кайрадан он миңдеген жылдарга көзгө көрүнбөй жоголот. (КС)