БУУ: Судандагы чыр-чатак "дүйнөдөгү эң жаман ачарчылык кризисине айланууда"

  • Абдирахим Саид, Ахмед Нур, Пол Кузиак жана Ричард Ирвин-Браун
  • BBC Arabic & BBC Verify
An elderly man waits to refill his donkey-drawn water tank during a water crisis in Port Sudan in war-torn Sudan on 9 April, 2024.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, The war has pushed Sudan's people to the brink

Судан армиясы менен Аскерлештирилген ыкчам колдоо күчтөрүнүн (RSF) ортосунда кагылышуу чыгып, өлкөнү жарандык согушка түрткөндөн бери бир жыл өттү.

Зордук-зомбулук өлкөнүн борбору Хартумда башталып, бүт өлкөгө жайылып, миңдеген адамдардын өлүмүнө, ошондой эле имараттардын жана инфраструктуралардын кеңири кыйроосуна алып келди.

БУУнун жогорку даражалуу расмий өкүлү Би-Би-Си Араб кызматына Судан азыр дүйнөдөгү эң жаман ачкачылык кризисине айлануу жолунда экенин айтты.

"Биз катастрофага туш болдук жана ал мындан да жаман болот деп корком", - деди Майкл Данфорд, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) Судандагы өзгөчө кырдаалдар боюнча координатору.

18 миллионго жакын адам "аябай ачка" жана бул көрсөткүч алда канча жогору болушу мүмкүн.

Гуманитардык жардам боюнча эксперттер ошондой эле жакынкы айларда 220 миң адам ачкачылыктан өлүшү мүмкүн экенин эскертишүүдө.

WFP Regional Director for Eastern Africa Michael Dunford talks to a family who have fled across the border into South Sudan.

Сүрөттүн булагы, WFP/Gemma Snowdon

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Майкл Данфорд, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) Судандагы өзгөчө кырдаалдар боюнча координатору, Суданда качкын үй-бүлөлөр менен жолугушууда

Уруш 2023-жылдын 15-апрелинде өлкөнүн армиясы менен анын мурдагы союздашы RSF ортосундагы тирешүү ачыкка чыгып кеткенде башталган.

Эл аралык коомчулуктан колдоо тапкан жарандык башкарууга өтүү боюнча саясий план согуштун тутанышына алып келди.

Эксперттер БУУнун "өлгөндөрдүн саны 14 миңге жакын" деген расмий маалыматы өтө төмөн деп кооптонушат, ал эми чыныгы көрсөткүч андан да жогору болушу мүмкүн.

Чыр-чатактан сегиз миллиондон ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан, алардын көбү ички аймактарга жер которгон, калгандары чек ара аркылуу Судандын кошуналарына качышкан деп айтылууда.

Урандыга айланган тарыхый шаар

Өлкөнүн борбору Хартум жанаша жайгашкан Омдурман жана Бахри шаарлары менен бирге Чоң Хартумду түзөт. Бул жерде согушка чейин жети миллиондон ашык адам жашачу.

RSF шаардын көп бөлүгүн көзөмөлдөйт, бирок армия чабуулга өтүп, жакында Омдурмандагы мамлекеттик телеканалдын штабын көзөмөлгө алды.

Map showing areas of control around Sudanese capital, Khartoum

BBC Verify жана BBC Arabic тарабынан бааланган сүрөттөрдө жана видеолордо дүкөндөргө, ооруканаларга, университеттерге жана банктарга келтирилген зыян көрүнүп турат.

Кыйраган имараттардын арасында өткөн жылдын сентябрь айында жалын каптаган Greater Nile Petroleum Oil Company ишканасынын атактуу бийик имараты да бар.

This picture taken on 17 September, 2023 shows a raging fire at the Greater Nile Petroleum Oil Company Tower in Khartoum.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чоң Нил мунай компаниясынын мунарасы архитектуралык чоң нарк эле

Кагылышуулардан улам кеминде үч оорукана жана бир университет ар кандай деңгээлде зыян тартты.

Хартумдан келген доктор Алаа Эль-Дин Эль-Нур Би-Би-Си Араб кызматына ооруканалар медициналык буюмдардын олуттуу жетишсиздигине туш болгонун айтты.

"Биз дарыгерлер катары өзүбүздү коопсуз сезбейбиз. Медициналык буюмдар менен жабдуулар да тонолуп кеткен", - деди ал.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) инфраструктуранын бузулушу гуманитардык кырдаалды курчутуп жатканын айтууда.

"Бул азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин күчөтүүдө", - деп кошумчалады Данфорд мырза.

BBC Verify жана BBC Arabic Хартумдагы гуманитардык кризиске салым кошуп жаткан зыяндын башка мисалдарын да чогултушту.

Shambat bridge

Омдурман жана Бахри шаарларын байланыштырган Шамбат көпүрөсү былтыр ноябрда урап түшкөн. Бул RSF Нил дарыясы аркылуу согушкерлерди жана жабдууларды өткөрүүчү стратегиялык объект болчу.

Январь айында болсо, Хартумдун түндүгүндө жайгашкан аль-Жайли мунай иштетүүчү заводу салгылашуудан кийин өрттөнүп кетти. Бул объект да согушуп жаткан тараптардын ортосундагы бийлик талашынын чордонунда калган болчу.

Улуу Британиядагы "Чыр-чатактар жана айлана-чөйрө обсерваториясынын" изилдөөчүсү Леон Морланд 2023-жылдын ноябрынан ушул жылдын январына чейин болуп өткөн үч башка окуяда 32 чоң резервуар жабыркаганын айтты.

"Мунайдын агып чыгышы тоскоолсуз жер астындагы сууларга жана айыл чарба аймактарына, Нил дарыясына карай ылдый түшүп кетиши мүмкүн" деди ал Би-Би-Си Араб кызматына.

"Бул жаңы булгануу, спутниктен алынган сүрөттөр "буга чейин эле кеңири болгон" деп эсептеген, аймактагы жер кыртышынын мурунку булганышын күчөтөт."

Oil refinery

Спутниктен тартылган сүрөттөр дагы Хартумдагы үч суу насостук станциясынын резервуарлары бош экенин көрсөтүп турат. Бул кандайча болгону белгисиз.

Хартумдан келген 31 жаштагы Хасан Мохаммед Би-Би-Си Араб кызматына акыркы төрт айдан бери суу жана электр жарыгы үзгүлтүккө учурап жатканын айтты.

«Таза суу алуу үчүн узак жолду басууга туура келет же ичүүгө жараксыз дарыя суусуна барабыз, бул болсо оорулардын жайылышына себепкер болууда», - деп кошумчалады ал.

Water pumping station

Хартум эл аралык аэропортундагы каттамдар согуштун башталышында, ал согуштун негизги аянтына айлангандан кийин токтотулуп, өлкө ичиндеги жардамдын жеткирилишине таасирин тийгизген.

BBC Verify жаңжал башталган 48 саатта аэропорттон тартылган бир нече видеонун аныктыгын тастыктады.

Khartoum International Airport

BBC Verify 15-апрелде көрүүчүлөргө сунуштаган биринчи видео учуу-конуу тилкесинин түндүк четинен тартылган, ал жерде RSF согушкерлери учуп-конуучу тилкеде ары-бери чуркап, аэропорттун негизги имараттарынын жанынан ок аткан.

Көп өтпөй, бул экинчи видеодо көрүнүп тургандай, учуп-конуу тилкесинин түндүк четинде жок дегенде бир учактан катуу түтүн чыкты.

Үчүнчү видеодо күйүп жаткан учактардын жерден тартылган көрүнүшү көрсөтүлгөн, кыязы, мурунку видеодогудай эле күйүп жаткан учактар болсо керек, бирок апаат бул жолу аэропорттун чыгыш тарабында эле.

Армия менен RSF экөө тең Хартумдагы маанилүү инфраструктурага зыян келтирди деп айыпталууда, бирок алар бири-бирин күнөөлөшүүдө.

Аягы көрүнбөйт

Согуштук кагылышуулар Судандын башка бөлүктөрүндө, айрыкча, африкалык жана араб коомчулугунун ортосунда көп жылдар бою зомбулук көрүнүштөрү орун алган батыштагы Дарфурда да жүрүп жатат.

Улуу Британия өкмөтү каржылаган "Маалыматтык туруктуулук борборунун" соңку изилдөөсү Судандын батышындагы 100дөн ашык айыл өрттөлгөнүн көрсөттү.

A picture taken on 20 March, 2024, shows children who fled Khartoum and Jazira states playing near tents at a camp for the internally displaced in southern Gadaref state in Sudan.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эгер ок атышуулар токтобосо, балдардын тагдырына балта чабылат

Судандык экономикалык аналитик Ваэл Фахми согуштун экономикага жана азык-түлүк системасына тийгизген таасири катастрофалык болгонун айтты.

«Экономика эки эсе кыскарып, айыл чарба иштеринин 60%га жакыны токтоп калды», - деди ал.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы абалдын оңолушуна ишенбейт.

"Бүгүн Суданда болуп жаткан окуялар абсолюттук трагедия. Биз ал азыр чектин чегинен ашып кетти деп эсептейбиз", - деди Майкл Данфорд.

Сауд Аравиянын борбору Жидда шаарында кайрадан сүйлөшүүлөрдү баштоого түрткү болгон менен ок атышууну токтотуу боюнча бир нече эл аралык аракеттер ишке ашпай калды. (МА)

Самира Элсаиди жана Бенедикт Гарман тарабынан кошумча репортаждар даярдалды