"Вашингтон кабатыр болгон маселе". Акылбек Жапаровдун АКШга сапары

Акылбек Жапаров жана Дүйнөлүк банктын президенти Аджай Банга менен өткөн жылы апрелдеги жолугушууда.

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын президенти Аджай Банга менен өткөн жылы апрелдеги жолугушууда.

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы дүйшөмбүдө АКШга иш сапар менен келди. Бул Акылбек Жапаровдун Америкага соңку үч жылдагы үчүнчү сапары. Мурунку эки сапардан айырмасы, бул жолу Вашингтон Бишкектин бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөткөн талаштуу мыйзамды кабыл алганына каршы маанайда болуп турган убагы. Бул сапар ошондой эле Батыш менен Москванын эрегиши курчуган фазасына келген учурда болуп жатканы менен да көп талкууга жем таштоодо.

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын делегациясы менен март айында эле жолугушуп, жазгы жолугушуулардын күн тартибин талкуулаган болчу.

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын делегациясы менен март айынын аяк ченинде эле жолугушуп, жазгы жолугушуулардын күн тартибин талкуулаган болчу.

Акылбек Жапаров АКШга мурдагы эки жыл катары менен дал ушул апрель айында барган. 2022-жылы 20-апрелде, 2023-жылы 11-апрелде барган. Анда Кыргызстандын экономикасына колдоо көрсөтүп келаткан Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун жылдык отчеттук жыйындарына катышкан.

Бул жолу дагы эл аралык финансы уюмдар менен жолугушуулар болот. Андан сырткары АКШнын расмий өкүлдөрү менен да жолугабы-жокпу, бул жөнүндө расмий эчтеке айтылган жок.

Расмий маалыматка караганда, жумушчу сапарынын алкагында Минкаб башчысы Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, USAID, Америка-Кыргыз соода палатасы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы сыяктуу эл аралык каржы институттарынын жана уюмдардын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Тараптардын талкуусунун негизги темасы гидроэнергетика тармагын өнүктүрүү, атап айтканда Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоору, ошондой эле экономикалык перспективалар жана климаттык өзгөрүү маселелери, ошондой эле «Полярдык жылдыз» мектебинин билим берүү трансформациясы программасын илгерилетүү болмокчу.

Мындан тышкары, дүйнөлүк алдыңкы финансылык жана технологиялык корпорациялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар пландалууда.

Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 500 млн долларды 50 жылга пайызсыз, он жылдык льготалык мөөнөт менен берип жатканын билдирди.

“Мындай шартта кредит Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу алынды. Ошондуктан сырткы карызыбыз 10-15 миллиард долларга чыкса дагы эч кам санабай эле олтура берсеңиздер болот”,-деди президент.

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга долбоор боюнча $5-6 миллиард керек болору эсептелген. Бул энергетикалык долбоорду ишке ашырууга коңшулаш Казакстан менен Өзбекстан да кошулат деген билдирүүлөр болгон.

Акылбек Жапаров менен кошо АКШга финансы, энергетика жана айыл чарба министри да кетти.

Демек, энергетикадан башка айыл чарба, өнөр жай тармактарына дагы донор уюмдардан инвестициялык колдоо сурамакчы.

"Биринчи маселе"

АКШга болгон мурдагы сапардан айырмаланып, быйыл ыңгайсыздык жараткан бир кыйчалыш маселе бар. Вашингтон менен эл аралык укук коргоо уюмдарынын каршылыгына карабай, Бишкек Москваны туурап, бей өкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөткөн “чет элдик өкүл” деп аталган мыйзамды кабыл алды.

Садыр Жапаровго АКШнын мамкатчысы Блинкен кат жазып, талаштуу мыйзам репрессиялык багыттагы кадам болуп каларын белгилеп, андан баш тартууга чакырганы белгилүү.

Ал ортодо Вашингтондо мамдепартамент кыргыз элчисин чакырып, бейөкмөт уюмдарга укурук сала турган мыйзам боюнча түшүндүрмө талап кылганы кабарланды.

"Алар республикада иштеген 20 миңден ашык бейөкмөт уюмдар жөнүндө өзүнүн көз карашын айтышы керек эле. Бул АКШ Кыргызстанда эгемендик жылдары түзгөн эң ийгиликтүү багыт болсо керек. Анын үстүнө республикада америкалык ири ишканалар жок, бүт КМШ боюнча иштеп жаткан Кока-Коланы эске албаганда. Ошондуктан бейөкмөт уюмдар темасы алардын бул республикадагы күн тартибиндеги биринчи маселе",-деди "Ой ордо" аналитикалык борборунун башчысы Игорь Шестаков орус гезиттерине берген маегинде.

Бишкектеги "Бир дүйнө" укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова Дүйнөлүк Банктын Бишкектеги кеңсесинин алдына чыгып, Кыргызстандагы репрессиялык мыйзам эл аралык финансы уюмдарынын ишин жыйыштырганга алып келет деп билдирүү жасаган.

"Биз Дүйнөлүк банк, Европа банкы, Азия банкы, силердин мандатыңар бузулуп атат деп айтып атабыз",-дегенТөлөйкан Исмаилова.

Ошол эле убакта Акылбек Жапаровдун Вашингтондогу жолугушууларында андай деле кыстала турган маселе жок дейт башка эксперттер.

"Вашингтон кырдаалга конструктивдүү мамиле кылат деп ойлойм. Өкмөт бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды кабыл алганы үчүн сын айтылбайт. Анткени, бейөкмөт уюмдар тармагы жабык корпоративге айланып, Кыргызстандын саясатына жакшы таасир бербей калганы башынан эле түшүнүктүү болуп калган. Бейөкмөт уюмдар сектору акча өндүрүүнүн аспабы болуп калгандыктан, аны кошмо штаттары бул сапатында Кыргызстандагы эффективдүү таасир көрсөтүү каражаты катары кабыл албайт",-дейт аналитик Марс Сариев.

"Бир дүйнө" укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова "чет элдки өкүл" мыйзамы Конституцияга каршы деп эсептеп, Конституциялык сотко арыз жолдогон жатат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Бир дүйнө" укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова "чет элдик өкүл" мыйзамы Конституцияга каршы деп эсептеп, Конституциялык сотко арыз жолдогон жатат.

"Ички ишибизге кийлигишпегиле"

Блинкен Бишкекке кабатыр болгон катын талаштуу мыйзам долбоору кыргыз парламентинде каралып жатканда эле жиберген.

"Эгер ал кабыл алынса, бейөкмөт уюмдарга оор жарандык жана кылмыш жазалары каралат. Өлкөдөгү демократиянын күчтүү жана негизги аспектиси болгон активдүү жарандык коом коркунучка кептелет", - деп айтылган катта.

Блинкен аталган мыйзам долбоору АКШ өкмөтүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен бейөкмөт уюмдар тарабынан ишке ашырылып жаткан саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу тармактар боюнча маанилүү программаларга коркунуч жаратып жатканын баса белгилеген.

Кыргыз президенти АКШнын мамкатчысына жоо иретинде узун кат жазып, эгемен мамлекет сырттан каржылык колдоо алып жаткан ЖМКлар менен бейөкмөт уюмдарынын ишин көзөмөлгө алып жатканын белгилеп, АКШны өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырган эле.

Блинкен менен Жапаров

Садыр Жапаров АКШнын мамкатчысынын Кыргызстандагы адам укуктары тууралуу объективдүү маалыматы жок экенин белгилеп, чет элден каржылык колдоо алган айрым бейөкмөт уюмдар жана алардын өкүлдөрү эл ичинде жалган маалымат таратып, ошонун айынан соттошуулар болуп жатканын билдирген.

Ошол себептүү кыргыз мамлекети бейөкмөт уюмдарга акча каяктан, кандай жана кайсы максаттарга жумшаларын көзөмөлдөгөнү жатканын белгилеп, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдын маанисине токтолгон.

"Албетте, чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик контроль болушу керек деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыктарынан келип чыккан көйгөй бар.

Сөз кыргыз мамлекети өзүнүн статусуна ылайык ушул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарга акча каражаттары кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсыл максаттарга жумшап жаткандыгын көзөмөлгө алууга умтулгандыгы жөнүндө жүрүп жатат",-деген эле президент.

Президент Кыргызстан карап жаткан мыйзамдын духу АКШда 1939-жылы кабыл алынган "Чет элдик агенттерди каттоо" мыйзамынын концепциясына үндөш экенин белгилеп, "эмне үчүн силерге болот, бизге болбойт" деп суроо койгон.

Садыр Жапаров АКШнын тышкы саясатынын башчысын Кыргызстанга келип кырдаалды өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырып, катын "Менин бир эле өтүнүчүм - биздин өлкөнүн ички ишине кийлигишпегиле" деп аяктаган болчу.

“Чет элдик өкүл”

Бейөкмөт уюмдар

Сүрөттүн булагы, CIVICUS MONITOR

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнө өлкөлөрүндөгү жарандык коомдун эркиндигин баалоочу CIVICUS Monitor платформасы жарыялаган глобалдык отчётто Кыргызстан жарандардын эркиндиги чектелген жети өлкөнүн катарына кирди.

Кыргызстанда чет элден каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдар эми жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча "чет элдик өкүл" деген атка конуп, каяктан акча алганын, канча алганын ийне-жибине чейин мамлекеттик органдарга отчет кылып турууга тийиш. Эми мамлекеттик органдар жаңы мыйзамга таянып, бөрк ал десе баш алып баштабайбы, жакшы жүрүп жаткан иштерге зыяны тийбейби деген санаа жарандык уюмдарда күчөп турган убак.

Президент кол коюп бекиткен “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга толуктоолор кирген мыйзамда мамлекеттик органдар каалаган убагында бейөкмөт уюмдарынын каржылык жана чарбалык ишмердигин текшере тургандыгы каралган.

Бейөкмөт уюмдары буга кошумча жыл сайын финансылык отчёт берүүгө милдеттендирилет. Мыйзам бузган уюмдардын иши алты айга чейин токтоп турушу мүмкүн.

Президент мыйзамга кол койгондон кийин "мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт",-деп билдиргенине карабастан, көптөгөн бейөкмөт уюмдары бийлик мыйзамга жамынып, репрессиялык чараларды күчөтөт деп кооптонууда.

Кыргызстанда бей өкмөт уюмдардын мамлекеттик бийлик бутактарына таасири чоң болуп келген. Мурдакы бийлик алмашкан окуяларда ушундай бейөкмөт уюмдардын лидерлери алдыда жүргөн. Ошол эле убакта Кыргызстанда активдүү жарандык коом катмарын АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү демократиялык жетишкендик катары мактап, колдоп, мисал тартып келишкен.

Шайлоодон кийин чыккан каршылык толкуну менен бийликке келген Садыр Жапаров биринчи мөөнөтүнүн үчүнчү жылында бейөкмөт уюмдар саясий оппозицияга кошулуп, жан тартып күчтүү кылып жибербесин деп чочулап жаткан өңдүү. (КC)