Израиль менен Иран чабышып жатканда, АКШ менен анын союздаштары чоң согушка кирип кетпейби?

  • Жереми Боуэн
  • Би-Би-Синин эл аралык талдоочусу
Biden and Netanyahu

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ Израилге ракеталык чабуулдан коргонууга жардам берди, бирок азыр сабырдуулукка чакырууда

Израилдин согуш кабинети Иранга каршы кийинки аракеттерин билдириш үчүн мурдагыдай эле кайраты менен кебелбей жооп кылды: "Израиль "ушундай жол менен жана өзү каалаган убакта жооп берет" деди.

7-октябрдагы Хамастын чабуулдарынан кийин аскердик кабинетке кошулган оппозициянын лидери Бенни Ганц Израил менен анын батыштагы союздаштарынын биримдигин баса белгиледи.

"Израиль Иранга каршы, дүйнө Иранга каршы. Мына жыйынтык. Бул биз Израилдин коопсуздугун камсыз кылууга керек болгон стратегиялык жетишкендик".

Ганцтын сөздөрү Ирандын бутасына дагы бир чабуул болорун же Израиль Ирандын ичин көздөй биринчи жолу жана ачык түрдө сокку урушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Израиль Ирандын өзөктүк программасын ойрон кылыш үчүн киберчабуул жасап, илимпоздорун өлтүрүп келди. Бирок президент Жо Байден өзү чакырган "Чоң Жетинин", эң бай батыш өлкөлөрүнүн жолугушуусунан ал каалаган дипломатиялык жоопко дагы убакыт бар.

Хамас Израилге кол салгандан бери Жакынкы Чыгышка жайылган согуштун соңку ырбашы эки жума мурун Израил Дамасктагы Иран элчилигинин комплексине кол салганда башталды. 1-апрелдеги аба соккусунан бакыйган генерал, анын жардамчылары курман болду.

Бул кол салуу америкалыктар менен макулдашылган чечим эмес. Израиль Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) командирлерин жок кылууга өздөрү тобокелге барып барган сыяктуу.

Израилдин дипломатиялык имараттарда улук офицерлердин болушу имаратты мыйзамдуу бутага алууга негиз болду деген жүйөсү анча ынандырбайт. Андан да маанилүүсү, Иран бул чабуулду анын өзүнүн эгемен аймагына кол салуу деп кабыл алды.

Иран жооп берери бат эле айкын болду. Тегерандын жообун жымсалдатпай эле, жогорку лидер Аятолла Али Хаменеи түз эле билдирди.

Израиль, АКШ жана анын союздаштары көптөгөн эскертүүлөрдү алышты. Байден дем алыш күндөрү Делавэр штатына баргандан кийин Ак үйгө кайтып келүүгө үлгүрдү. Иран чабуулду үндөн ылдам баллистикалык ракеталар менен эмес, эки саат бою радар экранында байкоого алынган жай дрондор менен баштоону чечти.

Бул көптөгөн аналитиктер үчүн Израилдин эң кас душманынан күтүлгөндөн да чоңураак чабуул болду. Иран Израилге өз аймагынан биринчи жолу чабуул койду - 300гө жакын дрон, канаттуу жана баллистикалык ракеталарды учурду. Алардын дээрлик бардыгы абадан коргонуу боюнча күчтүү куралдар менен токтотулду. Ракеталык чабуулдун мизин майтарууга АКШ, Улуу Британия жана Иорданиянын колдоосу менен Израилдин өзүнүн күчү жетти.

Алардын союздаштары, айрыкча АКШ, түн ичинде аларга чоң жардам көрсөттү. Президент Жо Байден Израилдин "темирдей" коопсуздугу жөнүндөгү убадасын кайталап, "биз силерди колдойбуз" деп айтты.

Бирок АКШ азыр Израилди сабырдуулукка чакырууда. Президент Байден премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга билдирүү жөнөтүп, Ирандын чабуулунун мизин майтарып, Израил жеңишке жетти, ошондуктан Иран жерине аскердик сокку уруп, кырдаалды мындан ары курчутуунун кажети жок деди.

Батыштын жогорку даражалуу дипломаты мага азыр кызыл сызыкты чийип, эскалацияны токтотуу абдан маанилүү экенин айтты.

Кызыл сызык Ирандын да үмүтү окшойт. Израилдин Дамаскка жасаган чабуулуна Ирандын ракеталык чабуул менен жооп бергени өзүнчө эскертүү да болуп саналат: эгер бир тарап кайрадан кол салса, анда кырдаал оңбогондой курчуйт.

View of Ashkelon in Israel showing anti-missile system aiming at the sky after Iran launched drones and missiles towards Israel.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израиль менен анын союздаштары Иран учурган 300дөн ашык дрон жана ракеталардын көбүн атып түшүрдү

Иран Дамасктагы дипломатиялык комплекске Израилдин соккусу менен башталган эки жумалык кризистин жана коркунучтун ушуну менен басаңдашын каалайт.

Балким, Иран чындыгында Израилге көбүрөөк зыян болот деп күткөн. Же болбосо, Израилге өч алууга көбүрөөк себеп бербеш үчүн пландарын ачык айтууда.

Иран Израиль Дамасктагы комплекске кол салганда кайнаган кыжырын басыш керек эле. Бирок, Израиль жана анын союздаштары атылган ракеталардын дээрлик бардыгын атып түшүргөндөн кийин, анын көксөсү канды деп айтууга да болбойт.

Бирок бул Израилге чоң масштабдуу кол салуу эмес. Иран көп жылдардан бери өзүнүн ракеталык жана ракеталык күчтөрүн көбөйтүп келатканы белгилүү. Ал мындан да көп курал колдоно алмак. Катуу чабуу башталса, Ливандагы "Хезболла" карап турбайт, кошулат, бирок андай болгон жок. Ливандын милициясы менен саясий кыймылы Ирандын күчтүү союздашы, алардын колунда ракеталардын арсеналы бар.

Премьер-министр Нетаньяху эми Иран кол салгандан кийин Газа тилкеси гезиттердин баш макаласы болбой калганына ыраазы болуп жаткандыр.

Гуманитардык кырсык басып, барымтадагыларды бошотуу жана ХАМАСты талкалоо боюнча аскердик максаттарына жете албай, ички нааразылык күчөп жатканда бул Израилге тыныгуу берет.

Бир нече күн мурун Израилдин Газа тилкесин камалоонун кесепети болгон ачарчылыктан улам Байден менен Нетаньяхунун ортосунда пикир келишпестик чыгып, эл аралык көңүлдүн чордонунда турган.

Азыр болсо алар биримдик жөнүндө сүйлөшүп жатат. Нетаньяху Израилдеги көптөгөн душмандары анын кызматтан кетишин кааласа дагы, ал өзүн чечкиндүү жана эстүү лидер, өз элинин коргоочусу катары көрсөткүсү келүүдө.

Анын каршылаштары өз кезегинде премьер-министрдин 7-октябрга чейинки ойлонбогон жана кооптуу саясатын көргөн ХАМАС Израилди алсыз экен деп ойлоп калды деген өңүттөн аракет көрүүдө.

Эмне өзгөргөн жок? АКШ Жакынкы Чыгыштагы эрегиш жалбырттаган чоң согушка айланып кетпешинин аракетин көрүүдө.

Кызыл сызык чийилди: Израил дипломатиялык объектиге кол салды, Иран Израилге тикелей чабуул койду. Израилде кээ бир кызуу кандуулар дароо жооп берүү керек деп жаткан учур.

«Чоң жетиликтеги» дипломаттардын милдети - бул региондун чоң масштабдагы кесепеттүү конфликтке кирип кетишине жол бербөө.

ХАМАС Израилге кол салгандан алты айдан кийин кырдаал чыңалып, кырсыкты карай бараткан.

Эгер Израиль президент Байдендин кеңешин угуп, кайта жооп кылып сокку урбаса, Жакынкы Чыгыш демин чыгарып, жүрөгү ылдыйлашы мүмкүн. Бирок бул коркунучту кармаш ушуну менен бүттү деп ишенимдүү айтышка да болбойт. (КС)